КОМИССИЯ ӨЗ ИШИН УЛАНТУУДА

  • 18.08.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы мектептерге балдарын 1-класска киргизе албай жаткан ата-энелердин арызын кабыл алуу комиссиясына эң көп арыз Ленин жана Свердлов райондорунан түштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

15-августтан баштап ишке киришкен комиссия учурда ар кандай себептер менен балдарын 1-класска каттай албай жаткан ата-энелердин арыздары менен иштөөнү улантууда.

Алсак, Биринчи май райондук администрация башчысынын орун басары Аида Рысбаева бул райондон баардыгы болуп 175 арыз түшкөнүн, анын ичинен 117 арыз каралып, 16сы артка кайтарылса, 42 арыз боюнча арыз ээсинин жашаган жерине барып тактоо керек болгондугун билдирди.

Ушундай эле отурумдар баш калаабыздагы ар бир райондо акимдин орун басарлары, райондук билим берүү борборлорунун директорлору, “Балдарды коргоо борбору” коомдук фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Жыйынтыгында Ленин району боюнча 750 арыз, Свердлов районунан 750 арыз жана Октябрь районунан 594 арыз кабыл алынган. Арыздардын баары кароодон өтүп, арыз ээлери тиешелүү жоопторун алышууда, — деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер