КОЛЛЕДЖДЕРДЕ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН 18 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ОНЛАЙН ТАПШЫРЫШТЫ

  • 28.07.2020
  • 0

Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан система — http://www.spuz.edu.gov.kg/ аркылуу толугу менен онлайн ишке ашырылууда.

Кабыл алуу башталгандан бери 18 986 абитуриент колледждерге документтерди онлайн түрдө тапшырышты.

Документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылат.

Биринчи тур.

13-июлдан 30-июль, саат 18:00гө чейин – документтерди онлайн каттоо. 3-августта колледждер система тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Аталган окуу жайда тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбайт.

Экинчи тур.

1-августтан 20-августка чейин – документтерди онлайн каттоо. 22-августта – колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 20-30-августта – абитуриенттер окожго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер