КОҢГУРОО КОШТОГОН ӨМҮР

  • 01.10.2020
  • 0

Аниса Сапаралиева Кара-Буура районундагы Р.Осмонов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштегенине 20 жылдан ашты. 1995-жылы өзү-туулуп өскөн Көк-Сай айылындагы орто мектепти аяктап, борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлардын флагманы Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алып, аны ийгиликтүү аяктаган соң, жаш адис Бишкек шаарындагы №42 мектепте алгачкы эмгек жолун баштаган.

Ошол жылдары баш калаа тургай, республикабыздын бардык булуң-бурчтарындагы мектептер педагогикалык кадрларга жапырт таңсык эле. Анткени ал кезде мурду менен тыңыраак дем алгандардын баары акча көйгөйүн артынып алышып, мугалимдикти чанып, анын жакыр абалынан алыс-алыс качып, чет жактарга агылып кетип турган. Мугалимдик кесипти окугандар да эптеп эле диплом алыштын амалында окуп, мектеп босогосуна жакын жолочу эмес. Андыктан мектепке чыныгы мугалим болууну эңсеген, анын ысык-суугуна чыдайм деп бел байлаган чанда гана адистер барышчу. Ошондой мугалимдик кесипти туу туткандардын катарында биздин каарманыбыз Аниса Сапаралиева бар эле.

Аниса Сейиткуловнага бирок, Бишкекте иштөө буюрган эмес экен, көп өтпөй эле аны өзү туулуп-өскөн Талас өрөөнүнүн тузу тартып, Кара-Буура районунун Жөөн-Дөбө айылына турмушка чыгып кетти.

Ошол кезден бери өзү түшкөн айылда үй-бүлө күтүп, мектепте жамаат күтүп, ал ортодо сырдаш курбу күтүп дегендей, мугалимдин ак эмгек менен тапкан нанын жеп келатат. Өмүрлүк жары Нурлан экөө өзүнчө түтүн булатып, үй салышып, беш балалуу болушту. Ар жолку декреттик отпускадан чыкканча өзүнө эң жакын сезилген эмгек жамаатын, кесиптештерин эле эмес, окуткан балдарын сагынып ашыгып калат. Көрсө, мугалимдин чекесине жазган вазийпасы — бала окутуп, баланын түйшүгүн тартуу тура. Бир-экөө эле эмес, классында канча бала болсо ошолордун каш-кабагын карап, окуткан билими жугумдуу болсо экен деп тилеп, кай бирде алардын эне-аталарынын дооматтарын угуп дегендей, коңгуроодон коңгуроого уланган өмүр жолун барактап, артына баам салып караса, өзү сүйгөн кесибинде чейрек кылымга жакын иштеп коюптур.

Аниса ата кесибин улаган кыз. Өкүнүчтүүсү, атасы дүйнөдөн эрте кетти. Аниса ал кезде секелек кыз эле. Атасы кесибине байланыштуу көчүп-конуп иштегендиктен, алты бир тууганы тең бир айылда төрөлсө, башка айылдын мектебинде окуп, мектепти аяктаганча бир нече айылга көчүп окушчу.

— Атам раматылык Сейиткул Дүйшөнбеков орус тилчи мугалим эле. Өзү ушул Кара-Буура районундагы Суулуу-Маймак айылында төрөлүп-өсүп, ушул жердеги орто мектепти аяктап, Советтик Армиянын катарында үч жыл кызмат өтөп келген. Чоң апамдын айтуусу боюнча, атам кыйла жыл колхоздун кара жумушунда иштеп, окуп билим алсам деп, ак эткенден так этип жүрүп, жогорку окууга кечирээк өткөн экен. Бала кезден мугалим болууну самагандыктан, көксөгөн тилегин кайдан болсо да ишке ашыруу үчүн ушул Таластан тээ алыскы көгүлтүр көлдүн бир өйүзү Каракол (мурдагы Пржевальск) шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетине тапшырып, окуп калат. Ал кезде мугалимдик кесип өтө кадыр-барктуу болгондуктан, мугалим болуу үчүн колхоздо иштеп, эмгегин сиңирип, анан гана атайын жолдомо менен окууга барышчу экен,-дейт Аниса атасынын өмүр таржымалына токтолуп.

 

СЕЙИТКУЛ АГАЙДЫН ЖОЛУ

КОҢГУРОО КОШТОГОН ӨМҮР

 

Атасы Сейиткул Дүйшөнбеков ошентип 1970-жылы жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң, Манас районундагы Кара-Арча орто мектебинде мугалим болуп иштеп калат. Кийинчерээк Киров районундагы Кара-Сай, Мадымаров, Кайнар орто мектептеринде үзүрлүү эмгектенген. Анын эсинде элес-булас калганы — атасы коңшу айылга барып-келип иштечү. Кийинчерээк өзү да ата кесибин улап мугалим болуп, атасы тарткан түйшүктү тартып келаткандыктанбы, жыл өткөн сайын атасы басып өткөн жолго көбүрөөк баа берчү болду.

— Албетте, атам иштеп жүргөн кез менен азыркыны салыштыруу эч мүмкүн эмес. Атам көп жыл мугалим, мектеп директорунун орун басары болуп иштесе да, эч кандай сыйлык албаптыр. Апам дайыма: “Туура сөз айткан тууганга жакпайт” дейт, атаңар кээ бир кесиптештерине сын-пикирлерин айта коюп, айрыкча, уюшуп шерине жеп, стакан кармагандарды жактырбай турса, аны ким жакшы көрмөк эле” — деп калат. Ким билет, ар мезгилдин өзүнүн чындыгы бар дегендей, а бирок атам ырасында эле мектеп жетекчилигинин кемчиликтерин бетине түз айтканы үчүн көпчүлүгү андан жалтайлап турушса керек. Балким ошондонбу, атам өмүрүнүн акыркы жылдары биз жашаган айылдан алты километр алыс Куру-Маймак айылындагы башталгыч мектепте иштеп жүрдү. 10 жыл ар күнү аралыгы алты километр айылга жөө барып, келип иштеди. Бул айтканга оңой болгону менен, 10 жыл бою жайкы ысыкта, кышкы суукта жөө жалаңдап каттап иштейт дегенди элестетип көрүңүз…

Мени мектепке алып барчу жол анчалык алыс эмес, бирок мен мектепке баратканда ар дайым ошол атам баскан жолду эстей берем. Ал билбегенге жөн гана жол болсо, билгенге мугалимдин басып өткөн жолу да. Мугалимди күндө үйүнөн жетелеп алып чыгып мектепке жеткирген, анын балдарга өткөн сабагына күбө болгон, окуткан билими канчалык жугумдуу экендигине түйшөлүп тарткан санаасына ортоктош болгон жол. Баса, азыр деле атам каттаган ошол жолду “Сейиткул агайдын жолу” деп коюшат. Баарынан кызыгы, атама жолдон жолуккан унаачандар ала кетейин деп кайрылышса: “Рахмат, мен жөө эле кетем, дайыма эле унаа боло бербейт эмеспи, өзүм көнгөн жолум менен кете берейин” деп моюн толгоп түшпөй койчу тура.

Куру-Маймак айылы айтылуу дарыгер Жумабеков Сабырбектей кыргыздын атын кыйлага тааныткан айыл. Ошондой дүйнөгө таанымал инсан төрөлүп-өскөн айылда атам мугалим болуп иштеп жүргөн кездеги үч бөлмөдөн турган кичинекей мектеп азыр заңгыраган заманбап мектепке, атам жөө каттаган чаңдуу көчө жаркыраган асфальтка айланып таанылгыс болуп өзгөрсө да, ошол жолду көргөн сайын атамдын карааны ошол жолдо жүргөндөй сезиле берет,-дейт Аниса.

Мугалимде эң оболу энелик мээрим болушу керек

Аниса Сейиткуловна мугалимдик кесипке да өзгөчө чыгармачылык шык, дарамет керек деп эсептейт. Балким журналист эжеси Раисанын таасириби, өзү да бала кезинде, бирде суп-сулуу болуп телевизордон түшпөгөн Гүлшан Молдоевадай диктор болгусу келсе, бирде агайы Рахымбек Нурманбетовдой математик мугалим болгусу келчү. Ал кыялын жакшы билген эжеси студент кезинде бир күнү КТРге алып барып Гүлшан Молдоева, Бактыбек Мамытовдор менен жолугуштурган. Диктор болуу кыялы алардын алдына барып сүрдөп текст окугандан кийин өчүп жок болду, а бирок мугалим болуу кыялы минтип ишке ашты.

 

КОҢГУРОО КОШТОГОН ӨМҮР

Жеке эле Анисанын эмес, алты бир тууганынын баары жогорку билимдүү болуп, турмушта өз ордун тапкандарына апасы Алымбүбүнүн эмгеги күч. Ал киши жолдошунан эрте ажырап мөгдүрөп калбай, аталуудан артык болсо болор, асты кем кылбай, жөжөдөй алты баласын «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” бооруна кысып, багып чоңойтту, балдары колундагы дипломунда апасынын мээнети чоң экенин жакшы билишет.

— Атам мен улуттук университеттин акыркы курсунда окуп жүргөндө, 53 жашында узакка созулган оорудан каза болду. Ошондо эң кичүү иним үч жашта эле. Апамдын кайратына алигүнчө таң берем. Алты бир тууганымдын бирөө мугалим, экөө медицина тармагында,  бир иним бизнес жаатында жүрөт. Мен окууга өткөндө, атам аябай кубанганын унутпайм. Атам намыскөй, тырышчаак, анан чындыкты тайманбай бетке айткан чынчыл адам эле.  Менин өкүнгөнүм — атам биздин эр жетип жетилгенибизди көрбөй, бир чыны ысык чайыбызды ичпей кеткени, а бирок ал көрбөй кеткен жакшылыктарды апабыз көргөнүнө каниет – дейт, улуу кызы, учурда “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеп жүргөн белгилүү журналист Раиса Дүйшөнбекова.

КОҢГУРОО КОШТОГОН ӨМҮР

Атасынын кесибин татыктуу улап келаткан Аниса Сейиткуловна учурда өзүнүн чоң атасы Рахманаалы Осмонов атындагы мектепте эмгектенип келатканына сыймыктанат. Өзүнүн сырдаш, муңдаш кесиптештери, ынтымактуу жамааты менен, мугалимдерине шыкак берип шыктантып ийгиликтерге демилгелеген мектептин директору Жибек Алымбекованын жетекчилиги менен мугалимдик кесиптин оңой эмес түйшүгүн тартып келаткан Аниса Сапаралиеванын агартуу тармагындагы ак эмгеги татыктуу бааланып, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланып, айыл өкмөтүнүн алкыш каттарына арзып келет. Чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим “Кут Билим Сабактын” жигердүү авторлорунун бири катары сабак иштелмелерин байма-бай жарыялап турат. 7-апрелге карата “Эл уулдары унутулбайт” деген ачык сабагы үчүн ошол кездеги Жаштар министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган, андан тышкары “23-сентябрь – КР мамлекеттик тил күнүнө” карата “Эне тили — эл тагдыры” тарбиялык сабагы жарык көргөн. Аниса Сейиткуловна 2007-жылы жаш мугалимдерди колдоого алган “Жаш мугалимдердин депозити” программасына катышып, анын алгачкы карлыгачы болуп калды.

КОҢГУРОО КОШТОГОН ӨМҮР

Анын эң биринчи сыйлыгы, албетте, окуткан окуучуларынын жетишкен ийгиликтери экени талашсыз. Айрыкча, өзү окуткан кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча олимпиадаларда жеңүүчү болгон окуучулары аны чексиз кубандырат. Азыр учурдагы кырдаалга байланыштуу сүйүктүү окуучулары менен байланыш ойдогудай болбой, чектөөлөр киргизилгенине карабай, заманбап технологиялардын жардамы менен сабактарын үзгүлтүксүз өткөрүп келүүдө. Балдарды тарбиялоо өтө жооптуу экенин жакшы билген ал, мугалим катары балдардын келечеги үчүн бир түйшөлсө, беш баланын энеси катары кош түйшүк тартып келет.

— Мугалим үйдө да, мектепте да мугалимдик бийик вазыйпасын татыктуу алып жүрүүсү кажет. Ал ар бир балага ата-энелик мээрим төгө билсе гана, үйрөткөнү кайтарымдуу болот тура. Эпидемия учурунда ата-энелер үйлөрүндө аргасыз мугалимдин ролун аткарып, мугалимдин жүгү канчалык оор жана жоопкерчиликтүү экенин аңдап билишти деп ойлойм. Андыктан келечек муун алдында ата-эненин да, агартуучунун да жоопкерчилиги бирдей экендигин эсибизден чыгарбасак дегим келет.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер