КМУНУН ТӨРТ СТУДЕНТИ ЯПОНИЯГА ПРАКТИКАГА БАРАТ

  • 31.10.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун төрт студенти жакынкы күндөрү Япониядан практикадан өтүп, билимин жогорулатып келишет.

КМУНУН ТӨРТ СТУДЕНТИ ЯПОНИЯГА ПРАКТИКАГА БАРАТ

Мындай чечим кечээ окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахмановдун университеттин  Япон мамлекети менен кызматашуу боюнча өкүлү Ёцухаши Мичинори менен жолугушуу учурунда чыгарылды.

Анда мындан сырткары  Япон мамлекетиндеги ЖОЖдор менен болгон кызматташтык, Япон таануу институтунда билим алып жаткан студенттерди Японияга жөнөтүп, билимин жогорулатуу, алган билими боюнча ал жактан практикадан өткөрүү тууралуу да сүйлөшүүлөр болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер