КМУнун СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТУН ONLINE ТАПШЫРЫШТЫ

  • 23.10.2020
  • 0

20-октябрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2019-2020-окуу жылында өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясы OnLine режиминде болуп ɵттү.

КМУнун СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТУН ONLINE ТАПШЫРЫШТЫ

Окуу-талаа практикасы жалпы ботаника, омурткасыздардын жана омурткалуулардын зоологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы дисциплиналары боюнча 1-3-курстун студенттерине өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуу-талаа практикасы күндүзгү окуу формасынын студенттери жашаган жеринде 18-майдан 27-июнга чейин OnLine режимде өткөн.

Практика учурунда студенттер байкоо жана эксперименттерди жүргүзүүнүн негизинде, биологиялык материалдарды чогултуу менен лекциялык, практикалык сабактарда алган теориялык билимдерин тереңдетишет, бекемдешет.

Конференциянын жүрүшүндɵ ар бир курстун студенттери ɵздɵрүнүн презентацияларын коргошту.

КМУнун СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТУН ONLINE ТАПШЫРЫШТЫ

Студенттер талаа шартында илимий-изилдөө иштердин усулдарын өздɵштүрүшкɵнүн, жергиликтүү түрлөр менен таанышышканын билдиришти. Ошону менен бирге эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка, тирүү организмдерге аяр мамиле кылуу көндүмдөрү жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууну калыптандырышты. Соңунда практика жетекчилери практиканын On Line форматта жүрүшүнүн жетишкендиктери жана мүчүлүштүктөрү тууралуу пикирлерин билдиришти.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер