КМУНУН ПРОРЕКТОРУ ВЕНГРИЯГА БАРДЫ

  • 24.01.2024
  • 0

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Венгриянын Эгер шаарындагы Эстерхази Кароли атындагы университетинде тажрыйба алмашуу иш сапары менен барып келди.

КМУНУН ПРОРЕКТОРУ ВЕНГРИЯГА БАРДЫ

Иш сапардын алкагында, профессор Талантбек Курманбек уулу аталган университеттин биринчи проректору доктор Золтан Ваци Кальман, университеттин академиялык иштери боюнча проректору доктор Тибор Юхас, маалыматтык технологиялары факультетинин деканы доктор Миклош Хоффманн, педагогика факультетинин деканы Золтан Сюц жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Йоханна Гемл менен жолугушту.

Аны менен катар 250 жылдык тарыхы бар жогорку окуу жайдын инфраструктурасы, лаборатордук жана изилдөө борборлору, санариптештирүү иш-аракеттери, музейи жана китепканасы менен таанышты.

КМУНУН ПРОРЕКТОРУ ВЕНГРИЯГА БАРДЫ

Иш сапардагы сүйлѳшүүлѳрдүн натыйжасында, КМУнун студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы академиялык мобилдүүлүк боюнча Венгрияга барып келүүгѳ жол ачылды. Ошондой эле илимий изилдѳѳ иштеринде маанилүү болгон байланыштарды чыңдоо иретинде, PhD докторанттарга актуалдуу болгон кош-жетекчиликке Венгриядагы кесиптештердин макулдугу алынды. Scopus, Web of Science маалымат базаларындагы басылмаларга макалаларды чыгаруу жаатында да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

А.ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер