КМУДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

  • 14.04.2023
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинде ректор Айгүл Абдраеванын демилгеси менен «Кыргызстандагы жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» деген темада тегерек отурум болуп өттү.

КМУДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

 

Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президентинин администрациясынын реформаларды иштеп чыгуу, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башкы эксперти З.А.Турсунбеков, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери М.К.Аманбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Иминов окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Коноктор Кыргызстандын экстремизмге жана терроризмге каршы мамлекеттик саясат, ченемдик-укуктук актылары, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Ал эми Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышуучуларга глобалдык мүнөзгө ээ болгон терроризм жана диний экстремизм коркунучу тууралуу кеңири маалымат берип, өзгөчө жаштарга бул багытта түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. М.Иманкулов өз сөзүндө диний экстремизм көрүнүштөрүн жана терроризм коркунучтарын алдын алуу аркылуу мамлекеттин жана коомдун коопсуздугу камсыз болорун айтты.

 

Мындан тышкары, И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин окумуштуулары т.и.д., профессор Н.У.Курбанова, т.и.д., профессор К.Айдаркул, т.и.к., доцент Ч.Ж.Карасартова Кыргызстандагы жаштар арасындагы экстремизмди алдын алуу аракеттери боюнча илимий докладдарды жасашты.

Мындай иш-чара азыркы мезгилде зарыл болгондуктан, жыл сайын өткөрүү пландалууда. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүлдү.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер