КМУДА СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ ОНЛАЙН БЕЛГИЛЕНДИ
- 17.11.2020
- 0
17-ноябрда жогорку окуу жайларда майрамдык иш-чаралар өтүп, студенттерге арналып куттуктоолор менен жылуу каалоо-тилектер айтылчу. Учурдагы пандемия шартына байланыштуу студенттер күнү дагы онлайн түрүндө, аралыктан белгиленди.
Бүгүн И. Арабаев атындагы КМУда дагы студенттер күнү онлайн белгиленди. Иш-чаранын башталышында университеттин ректору Т.Абдырахманов куттуктоо сөзүн сүйлөп, 1-курска тапшырган студенттерге ийгилик каалады. Андан соң, окуу башкармалыктын башчысы О. Капалбаев студенттерди куттуктап, 1-курстун студенттерине билим ачкычын, сынак китепчесин тапшырды.
Онлайн иш-чарага 100дөн ашуун 1-курстун студенти ZOOM аркылуу катышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер