КМУДА ON-LINE РЕЖИМИНДЕ  АЛГАЧКЫ МАГИСТРДИК ИШ АЛДЫН АЛА КОРГОЛДУ       

  • 14.05.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин  табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы кафедрасы магистранттарынын илимий  ишин on-line режиминде алдын ала коргоодон өткөрдү.

КМУДА ON-LINE РЕЖИМИНДЕ  АЛГАЧКЫ МАГИСТРДИК ИШ АЛДЫН АЛА КОРГОЛДУ       

Кафедранын магистранты Кутман уулу Кубанычбек (жетекчиси кафедранын доценти Казиева Г.К.) “Орто мектептерде математиканы окутууда окуучулардын логикалык ойлонуусун өстүрүү методикасы” деген темадагы магистрдик диссертациясын талкууга койду. Ал Ысык-Көл областынын Тоң районунан байланышка чыкты. Магистрант докладында диссертациялык иштин темасынын актуалдуулугуна, диссертациялык иштин илимий натыйжаларына, изилдөө объектисине, предметине  жана максатына, милдеттерине ылайык ар кандай деңгээлдеги илимий-теориялык жана практикалык жыйынтыктарына токтолду. Окутуучулардын суроолоруна жеткиликтүү жооп берди. Диссертациясындагы кээ бир сунуштар илимий макала болуп жарыяланганын баяндады.

Белгилей кетсек, буга чейин магистрант Кубанычбек уулу Кутмандын менталдык арифметика боюнча методикалык колдонмосу жарык көргөн, мектеп окуучуларына менталдык арифметика боюнча кружокторду уюштуруп, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө өз салымын кошууда. Илимий жетекчиси Г.Казиеванын жетекчилиги менен факультеттин илимий-практикалык конференцияларына активдүү катышып келет.

Кафедра эми башка магистранттардын дагы илимий ишин ушул ыкмада алдын ала коргоодон өткөрөт. Демек, ZOOM программасынын алкагында коргоолорду уюштурса болоору мүмкүн экендигин,  аралыктан окутуу формасы күндүзгү окутуу формасынан эч кем калышпастыгын мезгилдин агымы далилдегендигин окутуучулар кубануу менен кабарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер