КМТУнун РЕКТОРЛУК КЫЗМАТЫНА ШАЙЛОО ӨТӨТ

  • 24.11.2020
  • 0

 И.Раззаков   атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети окуу жайдын жетекчисинин (ректорунун)  кызматына талапкерлерди каттоо жана шайлоо жөнүндө

ЖАРЫЯЛАЙТ

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчиси (ректору) кызматына талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 2020-жылдын  24-ноябрынан тарта  4-декабрь саат 17-00 чейин жүргүзүлөт.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчисинин кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:

  • ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
  • мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
  • талапкердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;
  • “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерге коюлуучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.

 

Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Ч.Айтматов пр.66, 227 кабинет.

Байланыш телефондор: (0312) 56-13-95

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер