КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН МЕКТЕП ТАМАК-АШ ПРОГРАММАЛАРЫН НАТЫЙЖАЛУУ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 24.11.2023
  • 0

23-ноябрда Кыргыз Республикасы мектеп окуучуларын ар түрдүү жана пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуучу мектеп тамак-аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйба алмашуу максатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумун өткөрдү.

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН МЕКТЕП ТАМАК-АШ ПРОГРАММАЛАРЫН НАТЫЙЖАЛУУ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Форумда КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана мекемелердин өкүлдөрү, профилдик илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдар катышты.

Форумдун жүрүшүндө Орусия, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү мектеп тамак-аш программаларынын негизги жетишкендиктери жана өнүгүү багыттары жөнүндө тематикалык презентацияларды жасашты.

КМШнын башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов форумда тармактык министрликтердин өкүлдөрү өз өлкөлөрүндө мектеп тамак-ашын уюштуруу тажрыйбасын сунуштап, КМШ мейкиндигинде бул жаатта өз ара аракеттенүү боюнча сунуштарды киргизе аларын билдирди.

Ал эми БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана директору Кожиро Накай форумдун алкагында Кыргызстанда мектеп жашындагы балдардын ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алабыз деди.

“БУУ ДАТП өнөктөштөр менен улуттук мектеп тамак-аш программасынын алкагында өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнү улантып, мектептер менен жергиликтүү дыйкандардын ортосундагы тыгыз байланышты күчөтүп, туруктуу азык-түлүк тутумдарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, — деп билдирди Кожиро Накай.

Тармактык тамактануу институтунун президенти Владимир Чернигов мектеп тамак-аш программалары көптөгөн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө: балдардын ден соолугун чыңдоо, алардын билим деңгээлин жогорулатуу, үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле, айыл аймактарын жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жардам берерин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер