КМШ КУРУЛУШ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН АССОЦИАЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОТУРУМУ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТӨТ

  • 09.06.2022
  • 0

7-10-июнда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун 30 жылдыгына карата Эл аралык курулуш ЖОЖдорунун Ассоциация (КЖА) Башкармалыгынын көчмө отуруму өтөт. Көчмө жыйын КМКТАУда жана Ысык-Көлдө болот.

 

Отурумга КМШнын алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору, Ассоциация башкармалыгынын мүчөлөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Улуттук илимдер академиясынын академиктери, окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү ж.б. катышат.

Көчмө жыйындын 7-июндагы күн тартибинде төмөндөгү Ассоциация өкүлдөрү баяндама жасайт:

—        Санкт-Петербург мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин окуу иштери боюнча проректору Светлана Головина «Теоретикалык жана практикалык окутуп даярдоо контексттинде ЭБ жана колдонуу менен ЖББП ишке ашыруу»;

—        Сибирь федералдык университетинин инженердик-курулуш институтунун директору Игорь Тарасов, «Сибирь федералдык университети» ФГАОУ ЖБ инженердик-курулуш институтунда бакалавриат билим берүү моделин трансформациялоо»;

—        “Москва мамлекеттик курулуш университети” Улуттук изилдөө университетинин карьераны өнүктүрүү жана тармактык интеграция борборунун башчысы, Курулуш ЖОЖдорунун Ассоциациясынын жооптуу катчысы Михаил Слепнев, “2021-2022-ж. КЖАнын Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин сынагынын жыйынтыктары”, “2022-2023-окуу жылына КЖАнын БКИ студенттик олимпиадаларды жана сынактарды уюштуруунун планы”.

Маалымат үчүн:

Н.Исанов атындагы КМКТАУ — алгач Кыргыз архитектура-курулуш институту, 1998-жылдан тарта КМКТАУ, 2008-жылы эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган. Быйыл КМКТАУ өзүнүн негизделгенинин 30 жылдыгын белгилейт. Бул маарекелик жыл КМКТАУга өлкө үчүн тарыхый маанилүү миссияны — Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун изилдөө иштерин жүргүзүү жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну ишке ашыра баштаганы менен маанилүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер