КММИУнун ЖАТАКАНАСЫНДА КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

  • 04.04.2023
  • 0

КММИУнун студенттик жатаканасына китепкананын филиалы ачылды. Ачылышка окуу жайдын ректору, доцент Т.Колдошов, тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректор, КРдин эмгек сиңирген артисти А.Турдалиева, административдик чарба иштери боюнча проректор А.Айдарбеков, профсоюз уюмунун төрагасы М.Кыштобаев жана декандар, окутуучулар катышты.

КММИУнун ЖАТАКАНАСЫНДА КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ КММИУнун ЖАТАКАНАСЫНДА КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

— Жатакана чыныгы студенттин жашоо турагы. Ал өмүрүнүн эң урунттуу, кызыктуу учурларын окуу жайда, жатаканада өткөрөт. Ушул китепкана студенттер үчүн дайым ачык болсун! Тынымсыз окуп, билим казынаңарды байыткыла. Студенттер үчүн шарт түзүүгө тынымсыз аракеттенебиз, — деди Т.Колдошов.

Проректор А.Турдалиева жатаканада тарбия иштери мындан ары күчөтүлөрүн, тартиби начар студенттерге чара колдонуларын, мыкты жашаган, китеп окуган студенттерге шыктандыруучу белектер, сыйлыктар да ыйгарыларын кошумчалады.

Келген коноктор китепканага атайын алып келген китептерин белекке беришти.

Окуу залына университеттин борбордук китепканасынан 1100 китеп алынып келинди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер