ИНДИЯЛЫК СТУДЕНТТЕР ДИВАЛИ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

  • 25.10.2022
  • 0

ИНДИЯЛЫК СТУДЕНТТЕР ДИВАЛИ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн Дивали майрамында индиялык студенттерди куттуктады.

ИНДИЯЛЫК СТУДЕНТТЕР ДИВАЛИ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

«Биздин өлкөдө достук мамиледеги Индия өлкөсүнөн келген миңдеген студенттер билим алышат. Бүгүн алар мекенинен алыс жерде Дивали улуттук майрамын белгилөөдө. Биз алардын бул жерде, Кыргыз Республикасында өздөрүн ыңгайлуу сезишин жана биз улуу өлкөнүн маданиятын жана салттарын жогору баалай турганыбызды билишин каалайбыз. Дивали майрамы жамандыкты жакшылык жеңген күндү билдирет. Бул күнү шамдар жана чырактар жагылат. Келгиле, бул күнү билим алуу үчүн биздин университеттерди тандап алган индиялык жаштар менен жакындан таанышып, достук мамилебизди чыңдайлы», — деди Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн соң Индиянын жарык оттор майрамына арналган концерт өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер