КММАГА ИНДОНЕЗИЯДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

  • 01.06.2022
  • 0

Жакында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Индонезиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин делегациясы: элчи Сунарё Картадинат, министрдин саясий, маалымат жана маданий иштер боюнча кеңешчиси Рожита Джамавар жана саясий иштер бөлүмүнүн кызматкери Розалина Тобинг келди. Делегацияны окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова кабыл алды.

КММАГА ИНДОНЕЗИЯДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИЖолугушуунун жүрүшүндө жогорку медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу, Индонезиянын медициналык университеттериндеги кесиптештер менен  биргелешип Ковидден кийинки мезгилди изилдөө боюнча маселелерди талкуулашты.

Ректор өз кезегинде Индонезиядан келген студенттер КММАнын ар кайсы кафедралары тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү олимпиадаларга катыша аларын билдирди.

Сунарё Картадината  элчиликке дайындалганга чейин Индонезиянын университеттеринин биринде көп убакыт ректор болуп иштегендиктен, ал жогорку окуу жайдын билим берүү саясатын жана маданиятын жакшы билет жана элчи катары эки өлкөнүн жогорку билим берүү маселелерин жайылтуу жана өнүктүрүү максатында иш алып барууну ниеттенет.

Ректор делегацияны иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы келечекте Индонезиянын сунуш кылынган медициналык университеттеринин бири менен кызматташууга жана келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер