КММАга 85 ЖЫЛ

  • 28.08.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 85 жылдыгын белгилөөдө. Мааракелик иш-чаралардын алкагында бүгүн окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамына, кызматкерлерине, демөөрчүлөрүнө жана өнөктөштөрүнө бир катар сыйлыктар тапшырылды. Арасында «Кут Билим» медиа борборунун журналисттери да бар. 

КММАга 85 ЖЫЛ

Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара эртең өтүп, ага КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  катышат. Окуу жайда буга чейин бир жыл бою мааракелик жылга арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Анын ичинде  Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө жана юбилейге карата өткөн массалык жарыш бар.

КММАга 85 ЖЫЛ

КММА 1939-жылы ачылып, алгач 200 студент кабыл алынган. 1943-жылы 120 дарыгер окууну аяктаган. Учурда окуу жай Кыргызстандагы өзгөчө статус алган беш университеттин бири. Он миңге чукул студенти (анын ичинен 2800дөн ашыгы чет элдиктер) бар. Багыттарынын жана билим берүү адистиктеринин спектри кеңейди. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин колдоосу менен КММАнын базасында аскердик-медициналык факультет ачылды. 2023-жылы И.Раззаков атындагы КМТУ менен биргеликте түзүлгөн Медициналык инженерия факультети пайда болду. Медайымдарды окутуу чет өлкөлүк үлгү боюнча жүргүзүлүүдө: 4 жыл бакалавр, андан кийин магистр даражасы. Убакыттын талабы боюнча жаңы бөлүмдөр уюштурулган: кардиохирургия жана эндоваскулярдык хирургия, клиникалык стоматология жана имплантология, калыбына келтирүү жана пластикалык хирургия, тоо физиологиясы жана медицинасы, изилдөө башкаруу. Биомедициналык изилдөөлөр илимий борборунун базасында студенттик стартаптарды илгерилетүү үчүн “бизнес-инкубатордун” ачылды.

КММАга 85 ЖЫЛ

Академия көп жылдардан бери ЖРТнын жыйынтыгы менен абитуриенттер тандаган ТОП-10 Кыргызстандын ЖОЖдорунун ичинен 2-3-орундарды ээлеп келет. 2022-жылдын Глобалдык Агрегацияланган Рейтингинин жыйынтыгы боюнча окуу жай дүйнөнүн ТОП-100 мыкты ЖОЖуна кирди. КР ЖОЖдорунун Көз карандысыз рейтинги — 2022, Хирш индекси-2023 боюнча Кыргызстандын Улуттук рейтингинде биринчи орунду ээледи. Жакында эле жарыяланган Кыргызстандын ЖОЖдорунун рейтингинде да алдыңкы беш окуу жайдын катарына кирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер