КМКТАУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ СЫЙЛЫК АЛЫШТЫ

  • 27.01.2022
  • 0

26-январда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бир катар окутуучуларына жана жетекчилерине коомдук жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Асыкбек Оморов жана аталган фонддун координатору Эшалиев Сарпбек университеттин илимий иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Конурбаев Тууганбайга Кыргыз Республикасында көп жылдардан бери психология жана педагогикалык багытта кадрларды даярдоодо өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн  “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фондунун алтын медалын, төш белгисин жана Ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келчектин жаш муундарын окутуп-тарбиялоодоогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн КР ББжИ министрлигинин сыйлыктарын университеттин ректору Абдыкалыколв Акымбек төмөндөгү кызматкерлерге тапшырды:

  • “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин:

Болотбек Темир, ККИжК каф. башчысы, т.и.д., профессор;

— Төлөбаев Максатбек, АДИнин директору, ф.и.к., доцент;

— Рыспаева Айнура, БЭА каф. доцентини м.а., э.и.к.;

— Жумакадырова Карлыгач, С.Жусуев атындагы Мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, ф.и.к., доцент;

Рысбеков Айдар, “ТУжКК” каф. доцентинин м.а.

  • Ардак грамотасын:
  • Асанова Гүлмира, БЭА каф. ага окутуучусу;
  • Джолбулакова Чолпон, ЖИжОТӨ каф. доцентини м.а.;
  • Джунуспаев Кубат, ТТМЭ каф. доценти, т.и.к.;
  • Мамбетов Эрик, Механика, ГТК каф. доценти, т.и.к.;
  • Молдокматов Уланбек, БЭА каф. доценти, э.и.к.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ыраазычылык катын “Ак Өргө” жаӊы конушунун архитектуралык чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана жакшыртууга кошкон зор салымы үчүн КМКТАУнун жамаатына; ошондой эле 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, жогорку кесипкөйлүгү жана ак ниет эмгеги үчүн Ардак грамотасы:

— АЧД каф. башчысы Кожалиев Акылбек Джалилбековичке;

— КМБКӨЭ каф. башчысы, доцент Абдыраймов Жамалдинге;

*Ыраазычылык каты АЧД каф. окутуучусу Сатаркулов Айбек Сыдыкбековичке;

Ардак грамотасын 2022-Жаӊы жыл майрамынын урматына, ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана “Ак Өргө” жаӊы конушундагы сквердин эскиздик долбоорун кайтарымсыз даярдоого кошкон зор салымы үчүн: АЧД кафедрасынын окутуучулары: Турушбекова Сергиля, Очокеев Алмаз, Турдубеков Болотбекке тапшырды.

КР Министрлер кабинетине караштуу Архитектрура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча адисМамлекеттик квалификациялык Сертификаттары ЖКЖ каф. башчысы А.Абдылдаевага жана аталган кафедранын кызматкерлери Э.Боронбаевге, А.Салдатовага, К.Мухановага, А.Орозобековага, Н.Жыргалбаевага тапшырылды.

КМКТАУнун өнөктөш-университеттери (Берлин техникалык университети, Технология жана коом борбору; Чыгыш Казакстан мамлекеттик техникалык университети; Назарбаев Университети; Ургенч мамлекеттик университети; Бишкек мамлекеттик университети; Тарбиат Модарес университети (Иран)) менен бирге SUMRICA (Борбордук Азиянын туруктуу шаардык мобилдүүлүгүн изилдөө) долбоорунун алкагында 2021-жылдын 17-19-ноябрында өткөн эл аралык онлайн мектепке активдүү катышкандыгы үчүн бир катар окутуучуларга сертификаттар,  илимдин жана билим берүүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Бобек» жалпы улуттук кыймылы» ассоциациясы формасындагы юридикалык инсандардын бирикмесинин (Казахстан, Нур-Султан шаары) ыйгарган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин «2021-Мыкты педагогу» медалы жана КМШнин илимий-билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «Биринчи эл аралык китеп басмасы», «2021-Билим берүүнүн мыктылары» конкурсуна катышкандыгы үчүн 1-даражадагы диплому  МТжТ каф. улук окутуучусу Абдрасакова Айзадага тапшырылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер