КМКТАУда ЖАТАКАНАЛАР КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 18.11.2020
  • 0
КМКТАУда ЖАТАКАНАЛАР КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Окуу жайдын ректораттын демилгеси менен жатаканалардагы студенттин жашоо-шартын жакшыртуу, студенттик жашоону активдештирүү процессине тартуу максатында университеттин профкому тарабынан “Мен ушул жерде жашайм” аттуу конкурс уюштурулуп, ушул жылдын март айынын аягында жыйынтыгы чыгарылган. Бирок учурдагы абалга байланыштуу байгелерди тапшыруу аземи жылдырылган.

КМКТАУда ЖАТАКАНАЛАР КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫЭл аралык студенттер күнүнө карата социалдык маселелер, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору Т.Болотовдун, институттардын директорлорунун орун басарларынын, студенттик профбюронун төрагасынын катышуусу менен учурда абал дагы да кооптуу болуп жаткандыгына байланыштуу дипломдор, акчалай сыйлыктар тиешелүү жатаканалардын коменданттарына берилди. Алар санитардык нормаларды сактоо менен студенттерге тапшырышат.

Жеңүүчүлөр төмөндөгү номинациялар боюнча аныкталды:

  • Кыздардын эң мыкты бөлмөсү

1-орун – №318 бөлмө, №1 жатакана;

2-орун – №324 бөлмө, №2 жатакана;

3-орун – №68 б бөлмө, №3 жатакана.

  • Балдардын эң мыкты бөлмөсү

1-орун – №54 а-бөлмө, №3 жатакана;

2-орун – №231 бөлмө, №2 жатакана;

3-орун – №410 бөлмө, №1 жатакана.

  • Ички жасалгасы оригиналдуу бөлмө

№414 бөлмө, №2 жатакана;

  • Эң мыкты секция

7-а секциясы, №3 жатакана.

Комиссиянын жыйынтыгы менен конкурстун өтмө Кубогу №2 жатаканага ыйгарылды жана «КМКТАУнун эң мыкты жатаканасы» деп аныкталды.

Поделиться

Комментарии