КЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФРАНЦИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

  • 30.01.2024
  • 0

КЭУнун ректор Алмаз Кадыралиев окуу жайдын мурдагы бүтүрүүчүсү,  Франциядагы Мишлен жылдыздуу “Asten” ресторанынын негиздөөчүсү Тина Калыбекованы кабыл алып, ресторан бизнеси, коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы багытында билим алган студенттердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү, аны ишке ашыруу кадамдары тууралуу талкуулады.

КЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФРАНЦИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

КЭУнун Карьераны өнүктүрүү жана маркетинг департаменти буга чейин Asten ресторанында стажировка өтүүгө талапкерлерди тандоо боюнча сынак өткөргөн. Сынактын жүздөгөн катышуучуларынын ичинен эки студент тандалып алынды. Алар ресторан бизнеси боюнча мыкты билимин жана жөндөмүн көрсөтүштү.

Ресторатор Тина Калыбекова КЭУда жана Экономика жана сервис колледжинде ушул багытта билим алып жаткан студенттер менен да иш маегин өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, кошумча дагы эки студент тандалып алынды. Алар эми Франциядагы Мишлен жылдыздуу ресторанында стажировкадан өтүшөт.

КЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФРАНЦИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

Келишимдин негизинде жалпы төрт студент Франциядан практика өтүп келет. Студенттер Тина Калыбекованын тажрыйбасына суктанып, анын жетекчилиги астында француз ашканасына жана гастрономия дүйнөсүнө чөмүлүүнү чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

КЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФРАНЦИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

Жолугушуунун алкагында, Тина Калыбековага КЭУнун Бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын ардактуу бүтүрүүчү төш белгиси тапшырылды.

 

Франциянын алдыңкы гастрономиялык мекемелеринде практика өтүү, аталган тармактан жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча КЭУнун дуалдык билим берүү максатын бекемдейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер