КЭУНУН РЕКТОРУ «КЫРГЫЗ БРЕНДИ» СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ

  • 05.12.2018
  • 0

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык универиситетинин ректору   Камчыбеков Тѳлѳбек «Кыргыз Туусу» газетасынын «Кыргыз Бренди» сыйлыгы менен сыйланды.

КЭУНУН РЕКТОРУ "КЫРГЫЗ БРЕНДИ" СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ

Төлөбек Кадыралиевич мындай сыйлыкка студенттердин жана  профессордук-окутуучулук курамдын  сырткы академиялык мобилдүүлүгүн арттыргандыгы, көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыргандыгы, билим берүү инфратүзүмүн жакшыртып, окуу имараттарын замамбап техникалык каражаттар менен жабдыгандыгы, чакан футболдук  талаа кургандыгы, университеттин илимий мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап, потенциалын арттырып, окуу жараянына электрондук башкарууну киргизгендиги, электрондук  окуу куралдары менен жабдыгандыгы, өлкөнүн бардык аймактарына мыкты адистерди даярдап жаткандыгы үчүн көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер