КЭУ СТУДЕНТТЕРИН РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН ОНЛАЙН ОКУТА БАШТАДЫ

  • 14.04.2020
  • 0

Кыргыз экономикалык университети Россия Федерациясынын «Экономика жогорку мектеби» Улуттук илимий университети менен эл аралык кызматташуунун алкагында студенттерди жогорку билим берүү программалары боюнча электрондук окутуу жана аралыктан окутуу технологияларын колдонуп онлайн режиминде окутууга туташтырылды.

КЭУ СТУДЕНТТЕРИН РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН ОНЛАЙН ОКУТА БАШТАДЫ

Учурда жарыяланган программанын алкагында университеттин бир миңге жакын студенти ЭЖМ УИУнун курстарында билим ала баштады.  Алгачкы курстарды адистештирилген кафедралардын окутуучулары тандашты, андан кийин университет тандаган тизмеден студенттер курстарды тандап алышты. КЭУнун студенттери өзүн-өзү обочо кармоо мезгилинде окуу жараянынан тышкары кошумча окуу менен ЭЖМ УИУнун 27 онлайн курсун тандап алышты.

“Бул аракет студенттерге маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүүдөн тышкары, окуу процессин ЭЖМ УИУнун — Университеттин жеке кабинети иштелмесин колдонуу менен уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун белгилей кетүү керек.  Бул административдик кызматкерлерге платформада курстардын демо-версияларын окуп чыгууга, студенттердин онлайн сабактарга үзгүлтүксүз катышуусун жана аралыктан текшерүүлөрдүн, тесттер боюнча жетишүү  натыйжаларын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Курсту өздөштүрүүнүн жыйынтыгы боюнча сунушталган акысыз байланыштын алкагында университет экзаменди өз алдынча уюштурууга тийиш болот, билимди көзөмөлдөө үчүн аралык тесттердин жыйынтыгын колдоно алат. Муну менен биздин студенттер кошумча тереңдетилген билим алышып, кесиптик компетенцияларынын жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатышат, — дейт окуу жайдын окуу-методикалык иштер боюнча проректору Турсуналиева Динара.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер