КЕСИПТИК БАГЫТТОО – ЖАРКЫН, КЫЗЫКТУУ, ИННОВАЦИЯЛУУ!

  • 11.03.2021
  • 0

9-мартта Саламатттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесипке багыт берүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Кесипке багыт берүү борборунун оңдоо иштери жана техникалык жабдууланышы Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы менен, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылган «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен аткарылды.

КЕСИПТИК БАГЫТТОО – ЖАРКЫН, КЫЗЫКТУУ, ИННОВАЦИЯЛУУ!

Ачылыш аземге Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укукту элчиси Моника Иверсен айым, Германия элчилигинин экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Торге Маттисен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Самара Умралиева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева, ошондой эле, Кыргызстандагы Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) жетекчиси Йоахим Фриц мырза катышты.

Жаңыланган имараттан тышкары, долбоор эмерек менен техника, ошондой эле жаштар кесип тууралуу маалымат алып, тиги же, бул кесиптеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, жаңы технологиялар менен тажрыйба өткөрүп, өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүсү үчүн окуу колдонмолорун жана мотивациялык китептерди, 3D принтерлерди сатып алды. GIZ долбоору Бишкектеги Кесипке багыт берүү борборунун жаңыланышына гана колдоо көрсөткөн жок: ушундай эле оңдоо иштери Нарын жана Каракол шаарларынын жумуштуулукка көмөк көрсөтүү борборлорунда жасалган.

КЕСИПТИК БАГЫТТОО – ЖАРКЫН, КЫЗЫКТУУ, ИННОВАЦИЯЛУУ!

«Борбордун ачылышынын үстүнөн биз 3 ай иштедик. Жаңылоо иш-аракеттерин өткөрүү маалында майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыгы эске алынды: пандустар орнотулуп, эшиктин кашектери кеңейтилип, санитардык түйүн жабдууланды. Биз Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомуна (GIZ) кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, заманбап дизайн, эң жаңы жабдуу, ошондой эле борбордун ишине жаңы мамиле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн гана эмес, жумушсуз жаштардын да чоң кызыгын чакырат деп ишенебиз», — деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

«Кыргызстан – жаштардын өлкөсү, кыргызстандыктын орточо курагы – 26 жаш. Бирок, жаштар – өлкөнүн алдыңкы адамдык ресурсу, ошол эле маалда алардын билими замандын талабына ылайык келиши үчүн, ар дайым өнүктүрүү программаларын жаңылап, жаңы жөндөмдөргө үйрөтүү керек. Жеке потенциалды жүзөгө ашыруу, ошондой эле жаштарды эмгек рыногуна интеграциялоо үчүн, GIZ долбоору мектептерге кесиптик багыттоо системасын киргизүүгө, кесиптик билим берүүнүн жаңы, керектүү, кыска мөөнөөттүү курстарын иштеп чыгууга жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүп келет», — деп белгиледи Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укукту элчиси Моника Иверсен айым.

“Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” долбоорунун колдоосу алдында, 2017-жылдан бери Кыргызстан боюнча 24 мектепте 9-класстын окуучулары атайын бир жылдык программа боюнча билим алууда: алар жумуштуулук жана өндүрүштөгү экскурсия кызматтарына иш-чараларга барып, ар түрдүү адистиктер тууралуу билип, кесипкөй адамдар менен баарлашып, кесиптик багыт боюнча тестирлөөдөн өтүп, жыл аягында кесип дүйнөсү жөнүндө көбүрөөк кабардар болушат.

Бардык иш-чаралар социалдык өнөктөштүктүн моделине негизделет, ал: ата-энелердин, мектеп мугалимдеринин, жаштар уюмдарынын, жумуштуулукка көмөктөшүү бөлүмдөрүнүн, жумуш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар адамдарын тыгыз жана туруктуу кызматташтыгы. Ошол себептен, долбоор жумуштуулук кызматтары, кесиптик лицейлер менен мектептер, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен 2021-2023-жылдар аралыгында жетишилген жыйынтыктардын туруктуулугуна багыт алуу менен кызматташтыгын улантат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер