КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРГЕН МЕКТЕП

  • 10.01.2019
  • 0

Каракол шаарындагы №3 мектеп-гимназия гуманитардык багытта окуучуларга билим берип келатат. Көп тилдүү билим берүүдөн сырткары бул мектеп профилдик багыт берүү боюнча дагы иш алып барып жатканына үч жылдын жүзү болду. Негизи бул мектеп-гимназия жалаң долбоорлор менен иштегендин натыйжасында  2017-2018-окуу жылында билим сапаты 45% жеткенин мамлекеттик аккредитациядан өткөндө тастыктай алышты жана бир  окуучу (Жаныбекова Мырзайым) “Алтын тамга” кызыл аттестатын алууга жетишти.  Мектепте 97 мугалим 2030 окуучуга билим берет. 61 класс комплекттин   39у орус класс, 22и кыргыз класс.

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРГЕН МЕКТЕП

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРГЕН МЕКТЕП КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРГЕН МЕКТЕП КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРГЕН МЕКТЕП КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРГЕН МЕКТЕП

Кесип тандоого үйрөтүү

Мектептин директору Бактыгүл Байгазиеванын айтуусунда, Каракол шаары боюнча Германиянын GIZ долбоорунун алкагында профилдик багыт берүү боюнча эки гана мектеп иштейт.

  • Бул проект мугалимдерди атайын тренингден даярдап, өткөрүп беришти. Эки мугалим: Зубкова Н.А., Туюкбай уулу Чыңгыз эл аралык тренер деген сертификат алышты. Азыр биз класстер усулу боюнча экиден мектеп алып, аларга дагы кесип тандоо боюнча үйрөтүп жатабыз. Сертификаты бар эки мугалим Нарын, Талас, Чүй облустарынын мугалимдерин окутушту, эми түштүк тарапты окутканы жатышат. Кесиптик багыт берүүдө класстык сааттарга бирден саат берилет. Пилоттук класстарды тандап алып, бир жылга 18 саатты бөлүштүрүп, балдарга туура кесип тандоого үйрөтүп келатабыз. Бул программага окуучулар эле эмес, алардын ата-энелери дагы камтылат. Бала өзүнүн шыгына, дареметине жараша кесипти туура тандай алат, — дейт мектеп жетекчиси.

Мурда 9-класстан кийин окуучулар эки жылын бекер коротушчу  жалпы республикалык тестирлөө тапшыра алса деле, албаса деле. Эми ошону №3 мектеп-гимназиянын окуучулары  ЖРТ тапшырганга даремети жетпесе, 9-класстан кийин колледждерге, башталгыч кесиптик окуу жайларга тапшырып, аны бүткөндөн кийин иштеп атып сырттан же дистанциялык окуганга мүмкүнчүлүк алышаарын туура түшүнүп калышты. Класстык сааттардан алган окутуудан кийин техникалык кесиптерди көп тандап жатышат: ширетүүчү, унааширетүүчү, токарь, ашпозчу ж.б.у.с.

  • Кесиптик багыт берүүдө окуп жатканда балдар билет экен, азыр кайсы кесипти окусаң жумуш таба аласың деп. Мисалы, юрист менен экономистердин дипломдору сандыкта жатпайбы. Өздөрү базарда отурушат. Окуучуларды ширетүүчү, унааширетүүчү ж.б.у.с. кесип ээлеринин акчасы дагы кызыктырып жатат. Техникалык билими менен түздөн-түз Кумтөргө орношсо болот экен. Азыр биздин окуучулар ошол жерде ширетүүчү, ашпозчу болуп иштеп жатышат. Мындан сырткары, котормочулукка,  тигүүчүгө окуп жатышат. Жайзед менен иштеп тигүү машинкаларын алганбыз. Буга чейин такыр кол эмгек сабактары каралбай калбады беле, ушул долбоордун аркасы менен эркек балдар үчүн инструменттерди алдык, — дейт директор.

Старттык эксперимент

  • Старттык эксперимент деген проект боюнча мектептин базасында немистер семинар өтүп, так илимдер боюнча лабораториялык практикаларды кандай өтүш керек экенин үйрөтүшкөн. Мисалы, математика, физика, биология, химия сабактары боюнча биздин мугалимдер облустук институтка барып, экспериментти жайылтууга сабактарды өтүп берип жатышат (Сырымбекова Н.И. – математика мугалими, Молчанова Т.А. – физика мугалими, Касмалиева Г.А. – биология мугалими, Кенжебаева Б.К. – химия мугалими). Бул проект менен 2014-15-16-жылдары иштедик. 3000 еврого приборлор берилген, т.а. пробирка, штатив дегендей. Мындан сырткары, алтын, күмүш, коло жомоктор деген жакшы кооз китептерди алдык. Ошондой эле окутуунун активдүү формалары деген китептерди,  өнүктүрүүчү энциклопедияларды алып беришти, — дейт Бактыгүл Байгазиева.

Көп тилдүү билим берүү

Гимназиянын өзгөчөлүгү – окутуу гуманитардык багытта жүргүзүлөт. Тил багытындагы гимназия болгондон кийин көп тилдүү билим берүү долбоору менен 2014-жылдан бери иштеп келатышат.

  • Көп тилдүү билим берүү программанын максаты — бүтүрүүчү мектепти аяктап жатканда беш тилди билип чыксын деген талапты көздөйт. Мисалы, орус класска кирген окуучулар мамлекеттик кызматка  барганда кыргыз тилинен тест тапшыра албай калышса, тескерисинче, кыргыз тилдүүлөр орус тилинен аксап калышууда. Бул жерде предметчи CLIL методикасы менен эки тилде  сабак берет. Тилчилер Я-1, Я-2 деген программа менен окутушат. 1-этабында сабакты кайсы бир класска орус тилинде өтөт, анан эки этабын кошот: биринчиси толук эмес чөмүлүү, экинчиси толук чөмүлүү деген ыкма пайдаланылат. Мугалимге дагы айырма жок болуп калат. Маселен, окуучуга география сабагы кыргыз  же орус тилинде өтсө деле айырмасы болбойт. Бул проект аркылуу  Эл аралык деңгээлде ачык сабактарды, семинарларды өткөргөн мугалимдер — Барыктабасова Э.Б., Оргочорова А.А., Кашкараева Ч.А., Кадаева Г.Б., Тудекова Р.А., Өмүракунова К.А. Балдардын келечегин ойлоп, кайда барбасын өзүн эркин сезсин деген максаттагы программа, — дейт мектеп директору.

Эгерде №3 мектеп-гимназия  он жыл мурун долбоорлор менен жалаң инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштешсе, эми жалаң билим берүүнүн сапатына таасир эте турган, окуу процессин камтый турган проекттер менен иштей башташты.

  • №3 мектеп-гимназиянын мугалимдери Конфуций институту менен кытай тили боюнча иштешсе, Ага Хан фонду менен музыка жана ИЗО сабактарынын мугалимдери кызматташат. “Устат шакирт” проектиси менен иштеген “Бийиктик” драма ийрими (жетекчиси Акылбекова С.) Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында өткөрүлгөн конкурска катышып, баалуу белектерди алып келип, шаардык жана облустук конкурста I орунду ээлеп, республикалык конкурска жолдомо алышты. Көп тилдүү билим берүү долбоору жалаң тилчи мугалимдерди камтыйт. Старттык экспериментте так илимдер боюнча иш жүргүзүлөт. Ал эми башталгыч класстарда болсо “Бирге окуйбуз” проектиси бар. Биздин мугалимдердин бири дагы кур калбай ар кандай долбоорлор менен тыгыз иштешет.  Бул дагы биздин өзгөчөлүгүбүз, — дейт Бактыгүл Байгазинова.

Мектепте кытай тилин өнүктүрүү борбору бар. Анда эки волонтер иштейт. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Кытайга барып, билимин өркүндөтүп келген.

  • Бир жылы жети, бир жылы сегиз окуучу Кытайга жайкы лагерге барышса, эки мугалим Кытайдан билимин жогорулатып келишти. Кытай тилин окуган окуучулардын экөө бюджетке, экөө контракт менен Кытайда окуп жатышат. Кытай тили аябай оор экен. Баары эле кытай тилине кызыгып кетти дегенден алысмын, биздин балдардын психологиясына дагы башкача таасир берет экен. Окутуу системасы оор, 5000 чейин иероглифтер бар. Кайра-кайра теманы кайталабастан, кытай мугалимдери алдыга жыла берет экен. Окуучуларга аябай көңүл буруу менен жоопкерчиликти, тыкандыкты талап кылышат. Окуучулар алардын стандартына туура келе албай калат экен. Бирок ошого карабастан окуучулардын арасынан суурулуп чыгып, Кытайга окууга кетип атышат, — дейт жетекчи.

Мурдагы жылы Бишкек шаарында кытай тили боюнча өткөрүлгөн республикалык конкурста ырдоо жана каллиграфия боюнча №3 мектептин окуучулары 1-орунду алып келишкен.

  • Ал эми немис тили боюнча айтсам, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги, Гете институту менен тыгыз иштейбиз. GIZтин эки долбоору менен иштеп келатабыз. Эки мугалимибиз: Куланбаева А.К., Жунушалиева Ж.Т. Германияга барып  өзүлөрүнүн билимдерин жогорулатып келишти жана окуучуларды жайкы лагерге жиберүүгө мүмкүнчүлүк алышты,  — дейт директор.

Англис тилине көп көңүл бөлүнгөндүктүн натыйжасында азыркы учурда 11-класстын эки окуучусу: Табалдиев Таир, Ганин Камиль ФЛЭКС программасы боюнча АКШнын Калифорния штатында мектептен билим алып жатышканын айтып коюу парз.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”, 

Бишкек – Каракол — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер