КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА СЕГИЗ МЕКТЕП КОШУЛДУ

  • 04.03.2020
  • 0

Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Өзгөн шаарларындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесиптик билим берүүгө багытоочу сабактар өтүлүп баштады. Пилот катары 2019-2020-окуу жылында башталган долбоорго аталган төрт шаардын сегиз мектеби кошулду.

Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Иш менен камсыздоого жана кесиптик окутууга колдоо көрсөтүү» программасынын Иш менен камсыз кылуугу көмөк көрсөтүү бөлүмдөрү долбоор ишке ашырылуучу шаарлардагы өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Кесип тандоо жаатындагы коомдук өнөктөштөр: иш менен камсыз кылуу кызматтары, муниципалитеттер (өзүн-өзү башкаруу органдары), жогорку окуу жайлары, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлары, жаштар уюмдары, ишканалар, иш берүүчүлөр жана башкалар.

Иш менен камсыз кылуу кызматтары кесипке багыттоодо жана кеңеш берүүдө негизги ролду ээлешет. Алар окуучуларга жекече жана топтук түрдө кеңеш беришет, мектептерге ишканалар менен карым-катнаш түзүүдө көмөктөшөт, мектеп окуучуларына жана жумушсуз жаштарга өз жөндөмдөрүн жана кызыкчылыктарын аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүшөт. Ал эми кесиптик окуу жайлар чеберчилик сабактарды өтүшөт жана окуу жайларга барууну уюштурушат. Университеттер болсо, окутуу багыттары жөнүндө маалымат берип, ачык эшиктер күндөрүн уюштурат. Ишканалар экскурсияларды уюштурушат, тармактык эксперттер менен жолугушууларды ж.б. иш-чараларды өткөрөт.

Ошентип, коомдук өнөктөштөр өз ара системалуу иш алып барып, 9-класстын окуучуларына келечектеги кесиби тууралуу негизделген, так маалымат берип, кесип тандоо жана билим алуу жөнүндө чечим кабыл алуусуна көмөктөшөт. Эмгек базарында актуалдуу болгон кесиптерге окуучуларды багыттайт, аларды ишке орноштурууга жардам көрсөтөт.

Окуучулар жана жаштар үчүн кесиптик багыт берүү боюнча коомдук өнөктөштүктүн кооперациялык үлгүсү алгач 2017-2018-жылдары Каракол, Бишкек, Нарын жана Талас шаарларында ишке ашырылган. Тутумдуу кесиптик багыттоо жаштарды иш менен камсыздоо маселелерине жана өлкөнүн келечектеги узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөдө олуттуу салым кошот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер