КЕМИНДЕГИ ФОСТЕРДИК ҮЙ-БҮЛӨ ТҮПТӨӨГӨ ДАЯРДЫК

  • 18.03.2020
  • 0

“Кемин районунун социалдык кызматкерлери фостердик үй-бүлөлөр боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышууда”-деп билдирди райондун акиминин орун басары Айгүл Курманалиева. Анын айтымында, жакынкы арада КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери каалоочуларды атайын окуудан өткөрө баштайт.

— Балдарды колдоо жылында ар бир бала мээримге бөлөнүп, үй-бүлөдө өсүп-чоңоюусуна кам көрүү аракеттери көрүлүүдө. Камкордукка алынуучу балдарды интернат мекемелеринде эмес, фостердик үй-бүлөдө тарбиялоо багытындагы иш-чараларды райондун эли жапа тырмак колдоого алып жатышат,-дейт, Айгүл Зарылбековна.

Маалыматка ылайык, багып алуучу б.а. фостердик үй-бүлөлөр балдарды келишимдин негизинде убактылуу тарбиялоого алышат. Алар келишимдин талаптарына жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүшөт. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок өздөрүнүн балдарын кошкондо, балдардын саны беш баладан ашпоого тийиш. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жашаган жери боюнча райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрыла алышат.

Келишимде белгиленгендей, ата-эне болуучулардын жаш курагы 30 жаштан ашкан, бирок 65 жаштан жогору эмес болушу керек жана атайын окуудан, тандоодон өтүшкөн адамдар гана багуучу ата-эне боло алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом айлык, ал эми балдардын өздөрүнө да (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) ай сайын 6 миң сом бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер