КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

  • 26.02.2019
  • 0

Мугалим – улуу устат, илим-билимдин дыйканы. Ал сугатчыдан баштап өлкө башчыга чейин билим берип, тарбиялап, аң-сезимдүү кылып өстүргөнгө татаал жолду басып өтсө да эч кимге милдет кылбайт. Ошон үчүн бул кесип – ыйык жана улуу. Бул кесипти көбүнчө аялзаттар аркалашат. Эркек мугалимдер аз. Биз кеп кылчу агай, алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жеңишбек Абдиназаров. Ал кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими. Окуучулары үчүн ал балдарга жүрөгүн арнаган экинчи ата, жамааты үчүн тартипти бекем туткан, талапты кое билген, жаңычыл, мугалимдердин эң жакын кеңешчиси, сырдашы, жардамчысы, камкор, уюштургуч кесиптеши. Анын окуучуларынын көбү агайын өрнөк тутуп, мугалимдик кесипти тандап алышкан.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

Мугалимдикке атасы багыт берген

Жеңишбектин айтуусу боюнча, анын атасы мугалимдик кесипке аябай кызыккан экен. Бирок ал өзүнүн тилегине жетпей калыптыр.  Жеңишбек мектепке киргенден баштап атасы: “Сенин колуңан устачылык келбейт, сен мугалим болот болушуң керек” деп айта берчү экен. Жеңишбек мектепте окуп жүргөндө сабактарына катышып дем-күч берип турса, кийин мектепте мугалим болуп иштеп калганда да таягын таянып алып, акыл-насаатын айтып, моралдык жана каржылык жактан жардамын аябаптыр.

  • Сенден мыкты педагог, агартуучу чыгат, мүмкүн маданият жагына жакын адам болоорсуң. Үй-бүлө күткөндө, ак эмгек менен бак. Сен тапкан маянаңдын 10% жетим-жесирлерге, жардамга муктаж адамдарга берип жүр деп тарбиялаган, — дейт элеттик мугалим.

Атасынан сырткары мугалим болууга түрткү берген анын биринчи мугалими, азыркы мектеп директору Абдугапар Набиевич.

Мектепте окуп жүргөндө эле мугалимдик касиеттери байкалган. Анткени ал жакшы окугандыктан, айрым учурларда мугалимдердин каталарын таап, аларды балдардын көзүнчө эмес, этикетти сактап, танаписке чыкканда жанына барып айтып, далилдеп берчү экен. Мектепти 2001-жылы ийгиликтүү аяктап, БатМУнун бюджеттик бөлүмүндө окуп, президенттик стипендиант болгон.

Заманбап мугалим

Жеңишбек ааламдашуу доорунда адаптацияланган окуучуларды даярдаган кыраакы, дүйнөлүк, улуттук менталитеттин негизинде компетенттүү окуучуну даярдаган (берген билимди окуучу келечекте колдоно билген), руханий дүйнөсү бай, ак ниет, “Дүйшөндүн” ишин улаган, чачылганды жыйнаган, калкына кайрымдуу, журтуна жугумдуу, элине элпек, баарына тең караган, келечекке кең караган заманбап мугалимдин катарына кирет. Ал ар бир сабагына өзгөчө даярданат. Интерактивдүү усулдар менен элдик педагогиканы айкалыштырып өтөт. Сабагын окуучуларды таң калтыруу үчүн  жагымдуу маанай менен баштайт.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

  • Мисалы, бир сан ойлогула, ал санга кийинки санды кошкула, чыккан суммага 9 кошкула. Ал сумманы экиге бөлүп, андан биринчи ойлогон санды алгыла, ага 9 кошкула. 14 чыктыбы? Эми тактага жазгыла дейм. Балдар аябай таң калышат. Уюштуруп, жоктоп алып, эми балдар келгиле, ар бир адамдын укугун коргогон Конституция. Биздин сабактагы мыйзам – бул алтын эреже деп баштайм, — дейт мугалим.

Ар бир класстын жаш өзгөчөлүгүнө жараша алтын эрежени макал-лакаптардын негизинде түзөт. Маселен,  угуу маданиятын калыптандырууда “Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак”, “Сууну сиңген жерге сеп, сөздү укканга айт” деген макалды берип, аны чечмелеп, түшүндүрөт.  Балдардын бири-бирине жардам берүү, баалоо үчүн “Жакшы окуп жүрүшүң, элиңе кошкон үлүшүң” десе, сабакта бири-бирине жакшы сүйлөш үчүн “Жылуу жылуу сүйлөсөң, жылан ийнинен чыгат” деп колдонсо, “Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол” деп түнт, аз сүйлөгөн, тартынчаак балдарды алга жетелейт. Ал эми убакытты текке кетирбөө үчүн “Кыймылдаган кыр ашат” макалы менен түшүндүрөт. “Билимдүү болуу гана эмес, колдоно билүү керек”- деп учурдун талабына карай компетенттүүлүккө багыттайт. Жеңишбек Абдиназаров берген билимди окуучусу кандай кырдаал болбосун пайдалана билиши керек. Элдик макалдар аркылуу ал окуучуларды сапаттуу билим алганга багыттап келатат.

Он беш жылдык мугалимдик тажрыйбасында анын окуучулары райондук, облустук, республикалык ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү. Баткендиктер  кайсы жерде болбосун, анын окуучуларын сүйлөгөндөрүнөн  таанышат. Анткени Жеңишбектин ар бир окуучусу макал-лакап кошуп саймедиришет.

Эгерде Жеңишбек Алыкул Осмоновдун чыгармалары тууралуу сабак өтсө, ал сөзсүз Алыкулдун образына кирип, пальто кийип, чырак менен ыр жазып жаткандай сабагын өткөрөт. Жеңишбектин экинчи тилеги актер болуу эле. Ошондуктанбы, айтор, ар бир адабият сабагында сахнада жүргөндөй чыгармачылык менен өтөт.

Жамаатты өзгөрткөн Жеңишбек

2003-жылдан бери мектепте иштейт. Жамааттын 80% баягы эле окуучулук кезиндеги мугалимдер.  2009-жылы педагогикалык кеңештин чечими менен мектептин директорунун тарбия боюнча орун басарлыгына дайындалган. Андан тышкары үч жыл социалдык педагог болуп да иштеди. Жетекчилик кызматка жамаат жаңылык алып келсин, эскиликтен арылтып, өзгөрүү киргизсин, такшалсын дешиптир.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

Жеңишбек Абдиназаровдун мойнуна жоопкерчилик жүктөлгөндөн кийин, бардык документтерди электрондук форматка өткөрүп, иштин мазмунун өзгөртө алды. Тарбиялык иш-чаралар аркылуу мектепти облустук деңгээлге чыгарды. Жаңыча документтерди  түзүү боюнча райондон атайын келип, Женишбектен үйрөнгөндөр болду.

Ал соцпедагогдордун документтерин  иретке келтирип, районго жайылтканга жетишти. Өзгөчө жалгыз бой энелерге көңүл бөлдү. Эгерде алардын балдары сабакка кечигип келсе, мугалимдерди “урушпагыла, себебин аныктагыла, жан дүйнөсүн тааныгыла” деп кеңеш берип келгенин кесиптештери да тастыкташты. Андан соң мектеп ичинде, кийин райондук масштабда акцияларды, марафондорду уюштуруп, жетим-жесилерге кийим кече, китеп менен камсыз кылганга жетишти. Кайрымдуулук концертти окуучулар менен уюштуруп, андан түшкөн акчаны дагы кайрымдуулукка жумшады.

  • Кандай иш-чара болбосун биздин мектеп биринчи орунду бербейт. Билим сапатын көтөрүү боюнча мугалимдердин документациясын ондодум. Ар бир мугалим менен жекече аңгемелештим, диагностика жүргүздүм, анкета  алдым. Ар биринин сабактарына катыштым, көйгөйүн билдим. Оболу изилдеп чыгып, ошого жараша облустук, райондук семинарлардын темасына жараша мугалимдерди жөнөтүп турдум жана турам. Сабактарына кирип, ментор, байкоочу болдум. Көрүп, жардам бере алган насаатчы боло алдым. Талкалоочу эмес, калкалоочу болдум, — дейт Ж.Абдиназаров.

Билимин жогорулатып келген мугалимдер эмнени үйрөнсө, келгенде башкаларга сабак өтөт. Линейкада окуучулардын көзүнчө алардын сертификаты тапшырылат. Бул деген “Биздин мугалим квалификациясын жогорулатып келиптир” деп окуучулар дагы билип, ого бетер баалап калышат экен. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун кызматын аркалагандан тартып мектеп администрациясы менен биргеликте 2016-жылы “Башталгыч класстын окуучуларынын окуу-жазуу көндүмдөрүн өстүрүүнүн жолдору”, 2017-жылы ““Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагына даярдануунун жолдору” темасында райондук семинар өткөргөнгө бел байлады. Ушундай жол менен Жеңишбек  мектепте  билим сапатын жогорулата алган.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

“Жаш мугалимдер мектеби”

Жеңишбек Абдиназаров Лейлектеги айтылуу №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминовдун шакирти. Анын сунушу менен 2016-жылдан бери “Жаш мугалимдер мектебин”  жетектеди.

Мектептин максаты — жаш адистерге практикалык жактан жакындан жардам берүүнү көздөйт. Ошондо жаш мугалимдер он жылда эмес беш жылда эле облустук сынактарга чыгып, мыкты мугалимдер болуп чыгып келишти. Ушул жылдар ичинде “Жаш мугалимдер мектебинин” слету Сүлүктү, Баткен шаарларында жогорку уюшкандыкта өттү. Алар сахнага чыгып, Гиппократтын антын бергендей, “педагогдук ишке киришип атам, муну аткарууга, сактоого ж.б.у.с.” деп ант беришти. Улуу муундар менен катар жаш адистер сабак өтүштү. Август конференциясында  жаш адистер “Жаш мугалим” титулун тагынып, ар бир айыл өкмөтүнөн он мыкты жаш мугалимге ардак грамота, стипендиялар тапшырылды. Жыл сайын райондо семинар-тренингдер байма-бай өтүлүп турду. Ошентип, мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү иш-чарасы дагы бир тепкичке көтөрүлгөндөй болду.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢ КАРАГАН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ

 

“Устатынан шакирти өтөт” демекчи, Жеңишбек Абдиназаров Гапыр Мадаминовдун мектебинен өткөн мыкты кесипкөй мугалим. Ал райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келатат. Ал “Мыкты мугалим” деген наамга татыктуу болду, билим берүүнүн мыктысы, райондук, облустук мамлекеттик администрациялардын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим, илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин Ардак грамоталарынын ээси. “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Баткен облусу боюнча координатору кызматын ыктыярчы катары аткарып, облус аймагындагы агартуу тармагына тийиштүү жаңылыктарды журнал аркылуу бөлүшүп келет.

Ал эки кыз, бир уулдун бактылуу атасы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа Биримдигинин “Мугалим-Кесиби” сынагынын алкагында жазылды

Бөлүшүү

Комментарийлер