КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ – ЖАШ ТАЛАНТТАР

  • 14.05.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жарыялаган иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарды.

25-апрелде “Сейтек” борбордун чыгармачылык коллективдердин, студия, секция окуучуларынын арасында “Мен Жеңишти тартам!” аттуу балдардын сүрөттөрүнүн онлайн-конкурсу аяктап, жыйынтыкталды. 165 окуучудан 191 иш түштү. Борбордун “Улыбка”, “Азия Нур”, “Дилгир” “Шаттык” ансамблдеринин окуучулары активдүү катышты. Эң активдүүсү ”Улыбка” ансамблинин окуучулары болушту. Бул конкурска, согуш темасына окуучулардын эң ынтызар экендиктерин көрсөтүштү. Иштерди кароодо сүрөттү аткаруу чыгармачылыгы, конкурстун темасын ачуу, чыгармачылыкты ачууда оригиналдуулугу, сүрөттү тартууда сапаты каралды. Жыйынтыктоодо катышуучулардын арасынан жеңгендерди тандоо өтө кыйынчылык жаратты.

Жеңүүчүлөр үч категорияга бөлүндү:

Биринчи жаш курактагы жеңүүчүлөр (7 жашка чейин):

1 орун – Джунусов Алишер (Ушу «Чжун дао» мектеби)

КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ – ЖАШ ТАЛАНТТАР

2 орун – Бенш София («Азия Нур» анс.)

КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ – ЖАШ ТАЛАНТТАР

3 орун– Бакытбекова Аиша («Шаттык анс.)

КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ – ЖАШ ТАЛАНТТАР

Экинчи жаш курактагы жеңүүчүлөр: (8 жаштан 11 жашка чейин)

1 орун – Адаева Милана ( «Азия Нур» анс.)

2 орун – Токтосунов Байсал («Шертай» анс.)

3 орун– Джакыпбеков Актилек ( «ИЗО» Студиясы)

3 орун – Маликов Медер («ИЗО» Студиясы)

Үчүнчү жаш курактагы жеңүүчүлөр: (12 жаштан жогору)

1 орун – Кубатова Жибек («Шаттык анс.)

2 орун – Бабаджанова Нигора ( «Шаттык анс.)

3 орун – Варваштян Карина ( «Азия Нур» анс.)

3 орун – Аксамаева Жамиля ( «Азия Нур» анс.)

Мектеп окуучуларынын хор менен ырдоо жанры аксап жатканына байланыштуу эки жылдан бери хор коллективдери арасында конкурстар жарыяланып келет. Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору 2020-жылга республикалык балдар хорунун конкурсун өткөрмөк болгон. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ал конкурстун ордуна жеке ырдоочулардын интернет-сынагы жарыяланган. Жеке ырдоочулар өздөрүнүн активдүүлүгүн толук көрсөтүштү. Кыска убакта өздөрү үй шартында тарткан видеоматериалдар тынбай келип жатты. Бардыгы согуш темасындагы ар кандай ырларды мыкты аткарышкандыгына күбө болдук. Сунушталган видеолор 9-майга чейин кабыл алынып, адистер тарабынан иргелип, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул онлайн сынак жалпы билим берүүчү мектеп окуучуларынын жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өттү. Ырлар кыргыз, орус авторлорунун Жеңиш, согуш, Ата Мекен, патриоттук темадагы ырлар. Бул онлайн сынакка Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусунан 79 окуучу катышты.

КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ – ЖАШ ТАЛАНТТАР

Бул сынакка эң активдүү катышкан Нарын облусунун окуучулары болушту. Бул сынакты дагы жыйынтыктоо өтө кыйынга турду. Ырдоо, жеке аткаруучулук биздин окуучулардын арасында жакшы жолго коюлганы сүйүнтөт. Жер-жерлерде балдар менен иштеген кызыкдар, өз ишин билген мугалимдер көп экендиги кубандырат. Окуучулардын ырды аткаруучулуктары өтө жогору экендигин биздин компетенттүү калыстар тобу белгилешти.

Бул онлайн сынактын жеңүүчүлөрү:

1-орун Бейшенбекова Асема, Курманбеков Улук, Кадырова Үмүт (Нарын облусу), Абдуллаев Бекзат (Ош облусу), Жангазиева Ханзада, Жумабаев Жанышбек (Жалал-Абад облусу), Каримова Самира, Эсенгулов Байыз, Закиров Адиль и Закиров Эдиль, Камчыбеков Эрбол, (Чүй облусу), Данияров дор Даяна, Айдар и Кирсана ( Бишкек ш.)

2-орун – Мырзабеков Азат, Расулов Тууганбай, Чолпонкулова Айтурган. (Нарын облусу), Арзыкулов Арлан, Рашев Нурдин (Чүй облусу), Тургунбаев Жумадыл (Ош облусу), Момошова Раяна (Баткен облусу)

3-орун – Русланова Нурайым, Үсөнова Айназик, Кемелбекова Фатима (Нарын облусу), Бекбоев Актан, Марат у. Алманбет (Чүй областы), Абибиллаева Раяна, Акылбек у. Махмут, Кочкорова Айзирек (Ош облусу), Чоюбеков Эсеналы (Жалал-Абад облусу).

Балдардын арасынан музыкалык коштоосуз ырдоо номинациясы берилди, алар: Абдуллаев Бекзат (Ош облусу) – 1 орун, Чолпонкулова Айтурган (Нарын облусу) – 2-орун, Кемелбекова Фатима (Нарын облусу) – 3-орун.

Экинчи номинация музыкалык аспап менен өзүн коштоп ырдоо номинациясынын жеңүүчүлөрү: Жумабаев Жанышбек (Жалал-Абад облусу) – 1-орун, Мырзабеков Азат (Нарын облусу) – 2-орун, Марат у. Алманбет (Чүй облусу) – 3-орун алышты.

Жер-жерлерде окуучулар музыкалык аспаптарда кол ойноткону кубандырат. Алар кийин татыктуу билим алышат деп ойлойбуз.

Ошондой эле музыкалык аспаптын коштоосунда “Үй-бүлөлүк ансамбль” наамына Бишкек шаарынан Данияровдордун үй-бүлөсү Даяна, Айдар и Кирсана ( Бишкек ш.) ээ болушту.

Бул онлайн сынактын катышуучулары грамота жана 1-, 2-, 3- даражадагы дипломдор менен сыйланышат.

Жеңүүчү катышуучулардын видеолору “Сейтек” борборунун сайтында жана Фейсбук баракчасында жайгаштырылат.

Бардык катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышат.

Сейтек” борборунун окуучуларынын арасында “Жеңиш үчүн чоң атама рахмат!” акциясы өттү. Бул акциянын максаты – ар бир бала өзүнүн атасы, чоң атасы, бабасы жөнүндө билип, тарыхты унутпай, бабалары бул Жеңишке кандай кыйынчылыктар менен жетишкендигин, бабаларынын кайсы фронтто, кандай медаль, ордендин ээлери экендиктерин билүү эле. Бул акция “Сейтек” борборунун окуучуларынын арасында өтпөй, аймактарга да тарады. Эң активдүү катышкан коллективдер: “Сейтек” борборунун “Шертай” студиясы, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор району болду.

Өлбөс өчпөс каттар” акциясы борбордун балдарынын арасында жарыяланды. Бул акцияга биздин окуучулар монологдорду, ырларды, каттарды окуп, видеолорун салышты. Чындыгында биздин балдар көп кырдуу таланттуу экендиктерин көрсөтүштү. Биз жалаң эле биздин балдардан эмес, аймактардын окуучуларынан бизге каттарды ала баштадык. Бизге баардыгы 52 видеоматериал түштү. Эң активдүү Шаттык”, “Улыбка”, “Азия Нур”, “Дилгир”, “Ариет” ансамблдеринин окуучулары жана Жалал-Абад облусунан Таш-Көмүр шаары, Баткен облусунан Кызыл-Кыя шаарынын окуучулары болушту.

Бул онлайн ыр сынакка, “Мен Жеңишти тартам!”, “Жеңиш үчүн чоң атама рахмат!”, “Өлбөс өчпөс каттар” акцияларына катышкан бардык окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге балдарды катыштыргандыктары үчүн, алардын эмгектери зор, андыктан рахмат айтып кеткибиз келет. Биздин келечек ээлери болушкан балдарга татыктуу тарбия берип, кандай кырдаал болбосун, инсан катары калыптандыра беришине тилектешбиз.

Бул акцияга катышкан ар бир окуучу грамоталар менен белгиленишет.

Бул кыйын кырдаал да өтөөр, жашообуз жай өз нугуна түшөөр. Биз ыр боюнча онлайн сынактан жеңген окуучуларды чакырып, борбордун залында концерт уюштурабыз. Сүрөт боюнча сынакка катышкандардын көргөзмөсүн уюштурабыз деп алдыбызга ишеним, максат коюп туралы.

Ира Балтабаева, “Сейтек” борборунун директорунун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер