КЕЛЕЧЕГИҢ КЕСИБИҢЕ ЖАРАША ТҮПТӨЛӨТ

  • 20.05.2020
  • 0

Быйыл мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчү бүгүн-эртең баштапкы билим уясын артка таштап, чоң турмуштун каалгасын кагат. Анын алдында “Кандай кесип тандасам?” деген ары кызык, ары толкундаткан суроо туулат. Бул суроого жооп издөөгө учурдагы кырдаал да эч кандай таасир эте албасы бышык. Азыр бардык жождор жана колледж, лицейлер тууралуу кеңири маалыматтар интернет айдыңында кең-кесири жарыяланып, андан тышкары, окуу жайлар кесипке багыт берүү боюнча аралыктан тааныштыруу иштерин да активдүү жүргүзүшүүдө.

«Мыкты окуучулар мугалим болобуз десе, кубанам»

КЕЛЕЧЕГИҢ КЕСИБИҢЕ ЖАРАША ТҮПТӨЛӨТ

Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинин директору Дүйшөн Койлубаев мектеп бүтүрүүчүлөрү бир нече окуу жайлар менен жакындан таанышып, болочокто окуй турган жайын болжоп турушканын билдирди.

— Албетте, окуучулардын алдыда тандай турган кесиби биринчи кезекте ЖРТ жыйынтыгына жараша болмокчу. Анын жыйынтыгы деле балдардын өздүк даярдыгына, тагыраак айтканда, тандаган кесибине жараша аныкталат эмеспи. Кийинки жылдары балдардын ЖРТ көрсөткүчтөрү мурдагыга салыштырмалуу жогорулап жатканын байкап жатабыз. Демек, балдар өздөрүнүн келечеги биринчи кезекте тандаган кесибине тыгыз байланыштуу экендигин аңдап-билип калышты. Себеби, көбү мурда эптеп эле бир жогорку окуу жайдын дипломун алуу максатын көздөп окушчу, келечекте ал дипломунун кереги тийбей, өздөрү башка жумуштарга же чет өлкөлөргө иштеп кетишчү эмес беле. Эми мурдагыдай эптемей жок, кыска курстарды окуса да, керектүү, өзүн бага турган кесипти тандап жатышканы байкалат. Эсиңиздерде болсо, мындан бир аз мезгил мурда эле мугалимдик кесиптин баркы түшүп, эч ким мугалим болууну каалабай калган, ал кесипти окушса да, жогорку окуу жайдын дипломун алуу үчүн гана окушчу же болбосо башка престиждүү окуу жайларга өтө албай калгандар, баллы аз бүтүрүүчүлөр мугалимдик кесипти тандашчу. Азыр андай эмес. Мени ушул кубандырат. Мисалы, 9-класстан баштап олимпиадаларга жигердүү катышып, мыкты окуп жатышкан кыздарыбыз мугалим болобуз деп кыялданышат. Ал гана эмес, мурдагы окуучуларыбыз да мугалимдик диплом менен кайтып келип, биздин мектепте иштеп жатышат,-дейт Дүйшөн Мусаевич.

Директор айткан алдыңкы окуучулардын бири Айжан Орозбекова 9-класстан бери кыргыз тили боюнча олимпиадаларга катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келатат.

— Келечекте кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими болууну чечтим. Анткени кыргыз тилин өркүндөтүп, аны унутуп бараткандарга үйрөткүм келет. Азыр социалдык барактарда эң жөнөкөй сөздөрдү ката жазышат. Алар мектептен жакшы окубаса керек же аларды мугалимдери жеткиликтүү кызыктыра албаса керек деп ойлойм. Мисалы, мен өзүбүздүн кыргыз тили жана адабияты мугалимибиз Алтын Салыбаевадай мугалим болгум келет. Тилге кызыгуума ошол эжейим түрткү болду окшойт. Чынында биз башка кесипти тандасак деле сабаттуу болуп, кыргыз тилин өздөштүрүшүбүз керек. Айрыкча балдар башкача ойдо болушат, алар армияга барам, мага окуунун кереги жок дешет, бул тап-такыр туура эмес,-дейт Айжан.

—  Биздин М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинде 332 окуучу билим алат. Анын ичинен, быйыл 11-классты 23 окуучу, 9-классты 25 бала аяктоодо. Учурда баарыбыз бүтүрүүчүлөрдүн келечеги үчүн тынчсызданып турган чагыбыз. Өлкөдөгү кырдаалдан улам мурдагы талап-эрежелер быйыл башкачараак, бирок кандай болсо да, балдардын окуулары үзгүлтүккө учурабай, тиешелүү деңгээлде аякташына бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Андан тышкары, бүтүрүүчүлөрдү кесип тандоо багытындагы маалыматтар менен камсыздоо да өз нугунда жүрүп жатат. Алсак, КЭУнун окутуучулары, Токмоктогу окуу жайлар ж.б. көптөгөн жогорку жана кесиптик окуу жайлар менен таанышуу иштери аралыктан, Зуум байланышы аркылуу уюштурулууда. Эркек балдарыбыздын көбү инженердик, энергетика, банк, экономист иштерине кызыгышса, кыздардын арасында мен жогоруда айткандай, мугалимдик кесипти тандап жатышат. Мисал катары айтсам, КЭУнун мугалимдери биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү менен бир нече жолу жолугушууларды уюштурушкан, андай аралыктан аңгемелешүүлөр азыр да уланууда,-деп кошумчалады бизге Дүйшөн Мусаевич.

КЕЛЕЧЕГИҢ КЕСИБИҢЕ ЖАРАША ТҮПТӨЛӨТ

Экономист кесиби эч качан актуалдуулугун жоготпойт

КЭУнун Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын доценти Жылдыз Осмонова, кыздар үчүн да, балдар үчүн да экономист кесиби эч качан актуалдуулугун жоготпойт деп эсептейт.

— Кыргыз экономикалык университети жыл сайын өткөрүп келген кесипке багыт берүү кампаниясын быйыл да үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп жатабыз. Буга дейре биз республикабыздын башка аймактарындагы бүтүрүүчүлөр менен байланышка чыгып, кесип тандоо боюнча аңгемелешкенбиз. Жалпысынан алганда аңгемелешүү учурунда балдар көбүнчө контракт көлөмүнө, окуу жайдын материалдык-техникалык базасынын жабдылышына кызыгышат. Ошол эле учурда мурда угуп-билбеген заманбап кесиптер тууралуу маалымат алышат. Менин жеке баамымда, экономист кесиби эч качан өзүнүн популярдуулугун жоготпойт. Анткени азыр өлкөбүзгө креативдүү ой жүгүртө билген, сабаттуу жана заманбап экономисттер мурда болуп көрбөгөндөй керек деп ойлойм.

Учурдан пайдаланып айта кетейин, биздин КЭУнун, анын ичинде “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын кечээки бүтүрүүчүлөрү бүгүн ири коммерциялык ишканаларда башкы эсепчи, каржы директору, аудитор жана ревизор сыяктуу олуттуу кызматтарда эмгектенишет. Андан тышкары өлкөбүздөгү алдыңкы окуу жайларында окутуучу жана илимий-изилдөө институттарынын илимий кызматкери милдетин абийирдүүлүк менен аткарып келатышат.

КЭУда эмгектенген профессордук-окутуучулар курамынын 73% илимдин доктору же кандидаты наамына ээ болгон, өз кесибинин устаттары. Биз ушундай мыкты курам менен Кыргызстандын экономикасын гүлдөтүп-өстүрүүчү кадрларды даярдайбыз,-дейт Жылдыз Бакасовна.

Келечекте экономист болуп өлкөбүздүн экономикасын алдыга өнүктүрүүгө өз салымын кошкусу келген быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бири – Азамат кызы Салия, бардык иштин ийгилиги эсепти мыкты жүргүзүүгө байланыштуу деп ишенет.

— Мен өзүмдүн башка курбуларым сыяктуу быйыл колума жетилүү аттестатын алгандан кийин, борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлардын бирине бухгалтердик эсеп багытында билим алсамбы деп ойлойм. Менин кесип тандоомо эсепке кызыгуум түрткү болсо керек, себеби мен 8-класстан бери математикага кызыгып, олимпиадаларга катышып жүрөм. Менин бул тандоомо ата-энелерим да каршы эмес. Алдыдагы сыноолордон ийгиликтүү өтсөм, кыялым орундалса деп тилек кылам. Башка курбуларыма да ийгилик каалайм,-дейт, уяң мүнөз Салия.

Биз дагы быйылкы бүтүрүүчүлөргө алдыдагы бардык сыноолордо ийгилик коштоп, ой-кыялдары орундалышына тилектеш экендигибизди билдиребиз.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер