“КЕҢЕШИП КЕСКЕН БАРМАК ООРУБАЙТ”

  • 25.07.2023
  • 0

Чуулгандуу “Ай кью” мектебиндеги аттестат чыры боюнча түзүлгөн комиссия териштирүү ишин жүргүзүүдө.

“КЕҢЕШИП КЕСКЕН БАРМАК ООРУБАЙТ”

Билим берүү министрлигинин, жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн, жогорудагы менчик мектептин ата-энелер жамаатынын ​ өкүлдөрүнөн турган комиссия экстернат билим берүүнү колго алган мектептин окуу-тарбия ишине таандык бардык зарыл документтерди тыкыр карап чыгууга тийиш. Комиссиянын отурумунда ​ мектептин жетекчиси Мадина Кубаевага жана комиссиядагы ата-энелерге лицензияга ылайык окуу жайдын дареги менен чыныгы жайгашкан жеринин дал келбестиги боюнча айкын суроолор берилди. Комиссиянын мүчөсү болушкан эки ата-эне балдарынын документтерин окуу жайдын Токмок шаарындагы дарегине алып барып тапшырышканын, ал эми балдары окуусун (34 бала) борбордун ЖЭБине чукул ЕвроАзия университетинин окуу имаратынын бир бурчунда улантканын айтышса, мектептин жетекчиси Мадина Борисовна 84 окуучунун баары тең Токмокто билим алышканын, ал эми Бишкектеги 34 окуучуга жашаган жери боюнча консультациялар берилгенин билдирди. Эки анжы жооптордон улам комиссия жеринде барып текшерип көрүүнү чечти. Комиссия отурумунун жүрүшүндө студенттердин тайпалык журналдарында бир да жоктоо жүргүзүлбөгөнү, журналдардын ​ “жапжаңы” бойдон экени шектенүүнү жаратып, 84 окуучунун предметтер боюнча дептерлерин ​ карап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Эскерте кетсек,​ “Ай Кью” менчик мектеби өткөн окуу жылында экстернатка лицензиясы жок болсо дагы 84 баланы кабыл алып, бир жыл бою билим берген. Министрлик менчик мектептин экстернатка окутууга лицензиясы болгон эместигин билдирип, окуучулар менен ата-энелерди алдап, акча топтогон фактысы боюнча директорго чара көрүү жөнүндө укук коргоо органдарына кайрылган.25-июлда «Ай Кью» менчик мектебине алданып калган ата-энелерди билим берүү министри Каныбек Иманалиев өзү кабыл алып, аттестат мыйзамдык тартипте гана берилерин түшүндүргөн болчу.

“Биринчиден лицензия эле эмес, окуу программасы да жок. Нормалдуу мектептин өзү жок. Кантип аттестат беребиз? Ата-энелер менен иштешкенге даярмын. Күн десе күн, түн десе түн. Комиссия түзүлдү. Окуучу кайсы күндөрү барган, кайсы окуу жайга барган, чейрегин качан тапшырган, бүт баарын далилдемейинче болбойт. Аттестат сатылбайт, окуп гана алыш керек. Мен ата-энелердин укугун, окуучулардын укугун коргойм. Ким алдап аттестат сатам десе, мыйзам астында жоопко тартылыш керек”, — деп айткан министр.

Ошондой эле министрликтин тийиштүү комиссиясы Токмоктогу «Ай Кью» мектебине барганда менчик мектептин директору тийиштүү документтерди көрсөткөн эмес. Аталган комиссия мүчөлөрү ИСИТОго тийиштүү гана имарат көрүшкөнүн, бул жакта «Ай Кью» мектеби болгонун тастыктаган тикелей да, кыйыр да далилдери чыкпаганын айтууда.

Ошого карабастан менчик мектептин директору ата-энелерге жамынып, аларды министрликке каршы тукурган иштерин улантууда.”Ай Кью” мектеби Токмок шаарында балдарды экстернатты мындай кой, кадимки режимде окутуп жатканын да жергиликтүү билим берүү органдарына​ билдирген эмес.

“Токмок шаарында баары болуп 17, анын ичинде тогуз мамлекеттик жана төрт жеке менчик мектеп бар. Быйыл 11-классты 741 окуучу аяктады. “Ай Кью” мектеби боюнча​ маалыматыбыз болгон эмес. “Ай Кью” мектебинин бар экенин жана ал ИСИТО колледжинин имаратында жайгашканын социалдык тармактарга ата-энелердин кайрылуусу тараганда билдим, — деп Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Алмакунов өзү таң калган.

Б.Алмакуновдун айтуусунда, «Ай Кью» менчик мектебинин директору окуучулар аттестат, күбөлүк алыш үчүн февраль айында өтүлүүчү персонификациядан өткөрүүгө кайрылган эмес.

“Мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин баарында канча окуучу бүтөрү,​ ким кайсы окууга тапшырары алдын ала белгилүү болот. Ал эми “Ай Кью” боюнча эч маалымат болгон эмес”, — деп өз оюн ачык айткан жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси.

Бул менчик мектептин экстернатка окутууга лицензиясы болгон эместигин мурда да кабарлаганбыз.

“2022-жылы 16-мартта “Ай Кью” ОТКсынын директору, экстернат формасы менен балдарды окутуп бүтүрүүгө уруксат бергиле деп кат менен кайрылып, 17-мартта дароо эле “андай макулдук берилбейт” деген жооп кеткен. Андан бери лицензияга документ топтоп, тапшырууга жана алууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бул тууралуу директорго бир нече жолу маалымдама берилген. Комиссия иштеп баштагандан бери жетекчи бир дагы документин көрсөтө албай келет, ошондуктан бул жерде окуган окуучуларга аттестат берүү мыйзамсыз болуп калат”,​ — деп билдирген ​ бул тууралуу ​ өз пикирин ББИМ лицензия бөлүмүнүн​ башчысы Алмаз Ибраев.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер