КАЗАКСТАНДЫН БАШКЫ КОНСУЛУ ОШМУДА

  • 27.01.2022
  • 0

Казакстандын Оштогу консулу Мухтар Карибай, вице-консулдар Асхат Шукирбеков,  Данияр Байтурин иш сапары менен ОшМУга келди. 

Жолугушууда эки элдин ортосундагы достукту, гуманитардык алмашууларды чыңдоо, казак ЖОЖдору менен ОшМУнун алакаларын өнүктүрүү маселелери жөнүндө сөз болду.

Консул Мухтар Карибай боордош эки элди жакындатуу максатында казак тили жана адабияты кафедрасын ОшМУда, ал эми кыргыз тили жана адабияты кафедрасын Казакстандын белгилүү бир жогорку окуу жайында ачууну,  кыргыз-казак жаш акындарынын антологиясын чыгарууну, ошондой эле кыргызча-казакча, казакча-кыргызча сөздүктү түзүүнү сунуштады. Акыркы кезде кыргыз акындарынын ырларын өтө кызыгуу менен окуп, казак тилине которуп жаткандыгын да кошумчалады.

Кудайбери Кожобеков ОшМУ менен Казакстандын жогорку окуу жайлары менен жүрүп жаткан кызматташуу, аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жөнүндө маалымат берип, айтылган сунуштарды колдой тургандыгын билдирди. Казакстан кыргыз жарандары үчүн бөлгөн бюджеттик орундарды көбөйтүү боюнча сунушун айтты.

Ал эми эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев ОшМУ Казакстандын 35 окуу жайы менен ар тараптуу жемиштүү иштешип келе жаткандыгын маалымдады. Аталган окуу жайлар менен биргелешкен билим берүү программаларын түзүү приоритеттүү экендигин, аны ишке ашырууда айрым финансылык көйгөйлөр бардыгын, аларды казак тараптан гранттык орундарды бөлдүрүү аркылуу чечүүгө боло тургандыгын билдирди. Айтылган сунуштарды ишке ашыруу үчүн жол картасын түзүп алуу керектигин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер