КАТАР МАМЛЕКЕТИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА 9 МЕКТЕП, 2 БАЛА БАКЧА ЖАНА 2 IT ЛИЦЕЙ КУРУП ЖАТАТ

  • 20.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Катардын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды.

Жолугушууда Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Катар элчилиги тарабынан 2020-жылдын август айына чейин курулушу бүтүп, Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп бериле турган объекттер тууралуу маалымат берди.

Учурда Катар элчилиги тарабынан Кыргызстанда 9 мектеп, 2 бала бакча жана 2 IT лицей курулуп жатат. 2020-жылдан акырына чейин дагы 4 мектепти куруу маселеси каралууда.

Министр Кырызстандын билим берүү системасынын инфраструктурасын колдоп жаткандыгы үчүн Катар мамлекетине ыраазычылыгын билдирип, бул жаатта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан сырткары элчи мырза Катар мамлекети Кыргызстандын жарандары үчүн медицина, IT тармагы боюнча жогорку окуу жайлардан бюджеттик орундарды берүү жагын карап жатканын кабарлады.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндөгү макулдашуулар боюнча жакын арада керектүү документтерди даярдоону келишишти.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер