«КАРДАГЫ ИЗ» МУЗДАКПЫ ЖЕ ЖЫЛУУБУ?

  • 12.03.2020
  • 0

"КАРДАГЫ ИЗ" МУЗДАКПЫ ЖЕ ЖЫЛУУБУ?

Нуралы Капаров кыргыз журтчулугуна, адабият күйөрмандарына акын катары кеңири таанымал. «Тамызгы» (1986-ж.), «Көңүл ыргагы «(1991-ж.) ыр жыйнактары аркылуу кыргыз адабият айдыңына аттанган акын «Досума кат «(2017-ж.) аттуу китебине чейин поэзиянын казанында катуу кайнады.

Айтор, акындардын кара сөзгө кайрылуусу дүйнөлүк адабиятка жат көрүнүш эмес. А.С.Пушкиндин повесттери – эмне деген кереметтер! Тим эле ажары ачылып, ак шооласы чачылып турат. Рабиндранат Тагор 1913-жылда «Гитанжали» ырлар жыйнагы үчүн Нобель сыйлыгына эгедер болсо да, кара сөздүн көсөмүнө айланды.

Кайрадан Н.Капаровго келсек, акын катары агарып-көгөргөндөн кийин гана прозадан өзүн издеди. Мен бүгүн акындын ыр дүйнөсүнө дүрбү салбаймын. Жазган жалпы кара сөзүн эмес, бар болгону бир аңгемесине токтолуп өтмөкчүмүн.

Акындык узак жолду баскан калемгер проза жанрындагы көркөм туундусуна так, таамай ат коюусу окурман калк күткөн алгачкы суроо-талап эмеспи!? Нуралы Капаров бул жерде ташка тамга чеккендей ченемсиз чеберчилик көрсөттү:

«КАРДАГЫ ИЗ» – демек, жазуучу эки поэтикалык образдын – Кар менен Издин башын бириктирди. Ошентип, жаңы чыгармага ырайы ысык, ылайыктуу ысым ыроолонду.

Аңгеменин азан чакыргандагы аты айтып тургандай, окурман күткөн окуялар кышта, же кышка жакын, чукул мезгилде башталышы керек. Ак эткенден так этип, капаровдук кардын жаашын, ошо жааган карга издин тезирээк түшүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ойлогон оюбуз туура чыкты. Калпакты асманга ыргытсак жарашат. Чыгарма «Кеч күз» деген сүйлөм менен башталды. Атама сүйлөм. Ашыгып-шашылып экинчи сүйлөмдү окуйбуз: «Октябрь айы этегине чыгып бараткан эле».

Күз толук бүтө элек. Жааган карга жакындап баратабыз. Ии,баса, окуялардын тоо таянган жерде өтүлүшүн сергек окурмандар алдын ала баамдашат. Мен неге талдоону минтип баштадым? Биз автордун эмнени айтаарын күн мурунтан билишибиз абзел.

Чыгарманы үтүр, чекитине чейин калтырбай, башты көтөрбөй, тереңге сүңгүп окуйбуз. Айтор, окуп да чыктык. Эми акыл-эсти пештеп, кылдат көз жүгүртүп, калыс таразалоого аракеттенебиз. Биздин таразабыз алдабайт!

Жыйынтык чыкты мынакей: «Кардагы из» аңгемеси эки жүз токсон үч сүйлөмдөн турат. 293!!! Сүйлөмдөрдү классификацияга ажыратабыз. Жөнөкөй сүйлөм, татаал сүйлөм жана аралаш татаал сүйлөмдөр. Жалаң сүйлөмдөр жандуу. Ал эми жайылма сүйлөмдөр даркан талаадай келберсийт. Кенедей кемтиги жок! Тексттин, подтексттин өзөгүндө өңчөй кызыл логикалык чынжырча турат чыкыйып. Айта кетүүчү жагдай: жазуучунун бул чыгармасынан чубалжыган узун тажатма сүйлөмдөрдү кезиктирген жокпуз. Калтыраган, титиреген жетим халтура көзгө таптакыр урунбайт, көрүнбөйт. Кургак,курулай шаңданган жасалмалуулук байкалбайт.

Сөз башында эки сүйлөмдү белгилеп өткөн элек. Азыр үчүнчү, төртүнчү сүйлөмдөрдү кармап, көзүңөргө сайып көрсөтөбүз: «Күздүн кара жамгыры апталап төгүп, аягы карлап барып басылды. Кайрадан асман чайыттай ачылып, мемиреп жылуу тийген күздүн күнү кокту-колоттогу, жылга-жыбыттагы балпайып борпоң карды бооруна баса жатып болоктотуп эритип, өзөн сайга айрык-айрык сайран суулар келип кошулду».

Биз келтирген чакан шилтемеде жазуучунун сөз менен иштөө өнөрү алаканга салгандай ачык-айкын көрүнүп турбайбы? Табийгаттын ажырагыс бөлүкчөсү капаровдук таланттан ак баракка таң каларлык таризде тамчылаган. Сунушталган үзүндү отуз сегиз сөздөн турса да, сөздөрдүн, сөз айкаштарынын бири экинчисин кайталабайт. Бардыгы өз күчүндө. Көркөм интерпретация тим эле көйкөлүп тургансыйт. Жазуучу ичи көңдөй көлөмдү кубалабайт. Сөз оюну менен алектенбейт.

Сөз багууну Нуралы Капаровдон үйрөнгүлө, эй, жаш акын,жазуучулар!

Эми каармандарды типтерге бөлүп үйрөнөбүз.

«Кардагы из» аңгемесинин каармандары төмөнкүлөр: Чоро, Чоронун аялы, Козубек, Козубектин аялы Айнаш, жети жашар Мунарбек, алты жашар Тынарбек, Айнабек, Жумаалы чалдын уулу Зарылбек, Ишенбайдын таякеси Малик, Калматай, Базаркүл. Ошондой эле Абас, Жолдошбек, Дердеңбай, Чолпонбай сыяктуу бир эле жолу жылт эткен ысымдар учурайт.

Жогоруда белгиленген, тагыраак айтсак, Чоро баштаган персонаждар сюжеттин өнүгүшүндө түздөн түз катышып олтурушат. Бейнеси анык берилген, сөөлөтү сонун сомдолгон адамдардын арасында терс каармандар жок. Жо-ок!!!

Көртирликке, турмуш-тиричиликке бышкан Акылай жети жашар Мунарбек жана алты жаштагы Тынарбек деген уулдарын тезек терүүгө жөнөтөт. Алардын артынан үч жашар Айнабек ээрчийт. Мадырабаш балдар кичинекей инисине боз үй жакты көрсөтүшүп, аны кайтарышат. Бери карай келаткан эси жок бала тескериге бурулат. Капыстан адашып калат.

Кечке жуук Мунарбек менен Тынарбектер үйгө келишсе, иниси жок экен. Анан баары, айыл-апа толук бойдон бутка туруп, Айнабекти издеп жөнөшөт. Окуя ушинтип өнүгөт. Ушул жерде парадокс туулат: бала табылса, жайдары жашоо өз нугунда уланат. А эгерде табылбай калса, Акылай баш болгон, Мунарбек менен Тынарбек төш болгон оң каармандар терс, жек көрүндү каармандардын кебете-кешпирин жамынышат. А түгүл, Акылай өзүнүн балапандай баласына кайдыгер мамиле жасаган эненин кейпин кийип калышы ыктымал.

Күн кечтеп баратат. Бала табыла элек. Айтматовдук, шекспирдик, жадагалса, еврипиддик трагедия жакындап келатат!

Чоронун аткарган күнүмдүк жашоо-турмушу – мергенчилик. Фольклордун тили менен айтканда, «адырдан аркар, тектирден теке, буйткадан бугу атып», үй-бүлөсүн багат.

Борпоң карда (капаровдук сүрөттөө) изи калган Айнабек табылбаса, «Карагул ботом» дастанындагы кайгы-муң кайра жаңырат.Чоро кадимки Тумаш мергенге окшоп, ботосун жоктоп, боздоп калат:

Ушул беле көрөрүм, ботом,
Кыска беле өмүрүң, ботом.
Эрмегим сенден айрылып,
Эмне болот көрөрүм, ботом.
Эркелик менен эригип, ботом,
Кой десе болбой жөнөдүң, ботом.

«Кардагы из» аңгемесиндеги экинчи Карагул (Айнабекти айтып жатабыз – Т.А.) агаларынын артынан көшөрүп ээрчиген бойдон белгисиз.

Оо, Кудай, ай! Чоро «Кожожаш» эпосундагы Кожожаш мергенге окшоп, кайберендин каргышына калбасын!

Кеч кирди. Күн батты. Күүгүмдүн өмүрү кыска. Эпизоддор алмашты. Чиеленген окуялар түгөнүү босогосун аттады.

Маликтин сунушу боюнча, өрдү карай бара жатышат.

Адабият таануу илиминде чыгарманын бир эле финалы болот деген эскирген түшүнүк бар. Мен буга деле анчалык ишенбеймин. Өз пикиримди жөнөкөйүрөөк түшүндүрөйүн. Ооба, бир өркөчтүү төөлөр арбын. А бирок, эки өркөчтүү төөлөр да кездешпей койбойт. Анын сыңарындай, «Кардагы из» аңгемесинде эки финал бар.

Биринчиси: Карда тыпыйган изи калган баланын табылышы.

Сүйүнчү бергиле: Айнабек табылды!

Нуралы Капаров «Кожожаш» эпосундагы кайгылуу күүнү чертпеди! «Карагул ботом» кайтып келбеди!

Н.Капаровдун баласы – боз үйдүн ичинде! Ал эми Ч. Айтматовдун «Ак кемедеги» Баласы балык болуп, суу түбүнө кирип кетти! Кой оозунан чөп албаган Момун чал да, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Атабыз да Баланы артка кайтарышпады.

«Кардагы из» аңгемесиндеги экинчи финал (маара) төмөнкү сүйлөмдөрдөн даана көрүнөт:

«Беш атар мылтыгымды бөлө-бөлө жара чаап, жапшыра-жапшыра жалпайта чаап туура кылгансың, Акылай! – деп сөөгү сөпөт болгон мылтыгымды жерден көтөрүп алдым да, Козубектин үйүн көздөй бастым».

Көңүл буруңуздар: мергендин аялы мылтыктын таш-талканын чыгарды.

Мына – жаңы кайра жаралуу!!! Мына – аң-сезимдеги ыңкылап (революция)!

Чыгарманын тексти лирикалык «Мен» тарабынан айтылат. Кээде лирикалык «Биз» ыкмасы да окурмандарга сунушталат.

Аңгемеде бир нече поэтикалык табылгалар, адабий түркүн түстүү боёктор бар. Атап айтсак, Акылай баласынын изи түшкөн аппак карды өз койнуна салат. Ошол үзүндүнү текст аркылуу далилдейбиз: «Көзүнөн тынбай көлдөп аккан жашынан улам, койнуна салган Айнабектин изи түшкөн кардын айынан улам, Акылайдын көгүлтүр чыт көйнөгүнүн көөдөнү шалбырап сыгып алма суу».

Демек, поэзияда кездешчү боёкту Нуралы Капаров кара сөздө колдонду.

Акыл-эске сыйбай турган көрүнүш: тоо боорунда жашаган Акылай өз койнуна толтура кар салды!!!

Мындай табышмактуу табылгалар Габриэль Гарсиа Маркес, Хорхе Луис Борхес, Харуки Мураками сыяктуу калдайган кара сөзчүлөрдүн чыгармаларында аябай көп.

Н.В.Гоголь, А.С.Пушкин, М Ю.Лермонтовдун жана башкалардын чыгармаларын талдаганда, орус элинин улуу сынчысы Виссарион Григорьевич Белинский акты ак, көктү көк деп, калыс позицияда турган.

Белинскийде адабиятты урматтоо сезими өтө күчтүү болгон. Ал орус классикалык адабиятын маданияттуу сындаган. Бирок эч кимди эки бүктөп сындырган эмес.

Мен В.Г.Белинский менен Ян Парандовский өңдүү өлбөс-өчпөс корифейлер түптөшкөн мектептен таалим-тарбия алып, капаровдук кайталангыс аңгемени миң көздүү электен өткөрүүгө аракет кылдым. Дагы бир ирет кайталап айтам: Айнабек табылбай калганда, аңгемедеги изги идеялар, окурман журтунун авторго болгон ишеними суу сепкендей өчөт эле. Тилекке жараша, Бала түбөлүк тирүү бойдон Адабияттын тарыхында жашап калды.

Бала, Кар жана Из өзүнчө бир бүтүндүктү пайда кылды. Аңгеме көздөгөн максатына жетти…

Жыйынтыктап айтканда, Н.Капаровдун бул чыгармасы өзүнүн идеялык-тематикалык маани-маңызы, көтөргөн көркөмдүк жүгү, кош канаттуу композициясы боюнча учурдагы улуттук аңгеменин классикалык үлгүсүнө кирет.

 

Тайир Аширбай

Бөлүшүү

Комментарийлер