КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МЕДИА САБАТТУУЛУК БОЮНЧА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 27.04.2023
  • 0

Кара-Суу районунундагы Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87 инновациялык мектеп-гимназиясынын, Кычан Жакыпов атындагы № 61 зээндүү балдардын жатак-гимназиясынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы № 69 мектеп гимназиясынын базасында “PISA-2025 изилдөөсүнө даярданууда медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун ролу” аттуу облустук семинар өткөрүлдү.

КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МЕДИА САБАТТУУЛУК БОЮНЧА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Семинарга Ош шаарынын жана Ош облусунун мектептеринин, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн медиа сабаттуулук боюнча усулчулары, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Семинарды уюштурууга кошкон салымдары үчүн аталган мектептердин эмгек жамааттары жана алдыңкы тажрыйбасын жайылткан мугалимдер Ош билим берүү институтунун ыраазылык баракчалары жана ардак грамоталары менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер