КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЗЭЭНДҮҮ БАЛДАРДЫН ЖАТАК-ЛИЦЕЙИНЕ БАРДЫ
- 27.04.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак-лицейине барды.
Министр аталган лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамаат жана окуучулар менен жолугушту. Ошондой эле билим берүү мекемесине министрликтин атынан компьютерлерди белекке берди.
624 окуучуга ылайыкташтырылган жатак-лицей өлкө боюнча балдарды кабыл алат.
Мындан сырткары министр “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунан дагы кабар алды.
Бөлүшүү
Комментарийлер