КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 14.03.2023
  • 0
Бүгүн, 14-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы реформаларды талкуулады.
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛКУУЛАДЫ
Талкууга министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, аталган башкармалыктын кызматкерлери, Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Акпаралы Карабаев ж.б. катышты.
Министр улуттук макамы бар университеттер башталгыч кесиптик билим берүү системасы менен өз ара кызматташуусу керектигин айтты.
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова башталгыч кесиптик билим берүү системасынын бүгүнкү абалы, келечеги, негизги жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору, дуалдык окутууну уюштуруу, окуу-ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү механизми, кесиптик билим берүүнү өзгөртүү стратегиясы жөнүндө презентация жасады.
Бөлүшүү

Комментарийлер