КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

  • 20.01.2020
  • 0

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте  кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.  

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

 “Санарип 50+” долбоорунун максаты — улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө, финансылык сабаттуулуктун негиздерине ээ болууга, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат.

Азыркы күндө мамлекеттик кызматтардын көбү электрондук  түрдө иш алып барууга ыкчам өтүүдө. Бала бакчага, мектепке, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кезекке туруу дагы электрондоштурулуп, тейлөө кызматтарына акы төлөөнү да үйдөн чыкпай эле жүргүзсө болот. Демек, элди да санариптик ыкмаларга үйрөтүү зарылдыгы учурда маанилүү болууда.

 

Интернет кызматтарын пайдаланууда Кыргызстан артта

Фонддун “Санарип 50+” долбоорунун коомчулук менен байланыш адиси Нурия Кийизбаева баш калаабыздагы жаңы конуштардын тургундары санариптик көндүмдөргө ээ болуп жатканын билдирди.

— Борбор калаабызда беш окуу борбору жана Бишкектин Келечек, Арча-Бешик, Дордой, Орок, Бакай-Ата, Ала-Тоо, Учкун, Көк-Жар, Ак-Ордо жаңы конуштарында, Фучик көчөсүнүн аймагындагы пилоттук 10 мектепте курстар өткөрүлүп, конуштун тургундары санарип көндүмдөрүнө ээ болуп жатышат. Ал курстарды атайын окутулган мугалимдер өтүшүүдө,-дейт.

Расмий булактардан маалым болгондой, учурда Кыргызстанда социалдык тармактарды активдүү колдонуучулар 1,9 млн түзөт. Дүйнөлүк банктын маалыматында, Кыргызстандын калкынын 36,1 пайызы (15 жаштан жогорку курактагылар) гана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Акыркы жылдары бул көрсөткүч эки эсе көбөйгөнүнө карабай, Кыргызстан коңшуларыбыз Тажикстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттерден артта калууда.

— Курстун катышуучулары смартфондун Android же iOS программасындагы телефондун жалпы интерфейси аркылуу мобилдик телефондун негизги функциялары менен таанышат. Катышуучулар социалдык тармактар жана медиа сабаттуулук боюнча да маалымат алышып, онлайн баарлашуу үчүн социалдык тармактарды, электрондук почтаны жана булутта сактоону пайдаланууну үйрөнүшөт. Андан тышкары, негизги электрондук финансы куралдар жөнүндө түшүнүк жана Элсом аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү өздөштүрүшөт. Курстарды атайын даярдыктан өткөн тренерлер өтүшөт.

“Санарип 50+” долбоору уюштурган окуу курстарына азырынча борбор калаанын тургундары гана катышып жатышат. Алдыда аймактарда жайылтуу максатын көздөп жатабыз,-деди Нурия Кийизбаева.

 

Электрондук кезекке туруунун эрежелерин үйрөтүп жатабыз

Жыргалбек Курманбеков Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин география мугалими. Ал жогоруда аталган долбоордун окуу борборунда тренер болуп иштейт. Жыргалбек Курманбеков мектеп окуучуларынын ата-энелери үчүн окуу курсунун биринчи этабын аяктады. Ал ата-энелер маалымат алмашуу үчүн колдонулган электрондук даректерди туура эмес жазып алышып, убара тартып жатышканын белгиледи.

— Октябрь айынан бери “Санарип 50+” долбоорунун алкагында этап-этабы менен санарип сабаттуулугуна окутуп жатабыз. Жаңырган жылдын февраль айынан баштап, 1-класска электрондук кезек менен кабыл алуу тартиби киргендигине байланыштуу, даярдоо классындагы ата-энелерди электрондук сабаттуулук боюнча семинар-тренингге чакырып жатабыз. Жаш курагы 50дөн жогору деп аталган менен, 30, 40 жаштан жогорку ата-энелер да жардамга муктаж. Ай сайын анализ жүргүзгөндө, 30 жаштан жогорку курактагыларды да окутуу керектиги көрүнөт. Мисалы, ноябрь айында 53 ата-эне окуттум. Окутууну талапка шайкеш  өткөрүү үчүн долбоор тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздап берген.

Буга чейин биз этап-этабы менен электрондук почта жана анын кызматтары, бирине-бири маалымат жөнөтүү тууралуу окутсак, февралдан ары электрондук капчык, сүрөт, ар кандай документтерди тиркөө жөнүндө сабактарды практика түрүндө өтүп, жыл аягына чейин толук даярдыктан өткөрөбүз.

Ушундай эле окууларга өзүмдүн кесиптештерим муктаж экендигин белгилеп кетким келет. Мугалимдер компьютердик сабаттуулук боюнча информациялык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууда КБАдан атайын адистерди чакырып, практика жүзүндө үйрөнүп жатышат. Окууларды кезек-кезеги менен каникул учурунда өткөрүүнү тууралап жатабыз,-деген пикирин билдирди.

Айткандай эле, 2019-2020-окуу жылы мектепке жана бала бакчага кабыл алуулар электрондук кезекке туруу жолу менен жүргүзүлө баштаганда, көпчүлүк ата-энелер бул ыкмада иштей албай өтө кыйналышканын айтышкан.

Бишкек шаарынын тургуну Кененбаева Элнура уулун мектепке киргизээрде электрондук кезекке тургузуунун бир топ кыйынчылыктарын тартканын айтат.

— Менин уулум быйыл 1-класска барды. Электрондук кезекке туралы деп аябай кыйналдык. Анткени ар бир пункту бири-бирине дал келбей жатты. Сүрөт жүктөө да бизге татаал болду. Форматы да PDF болушу керек экен. Электрондук түрдө тууралай албай атабыз деп мектепке көтөрүп келген ата-энелер да көп болду. Андыктан ата-энелерди компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүнүн зарылдыгы чоң экендигин белгилегим келет. Мага студент иним жардам берип, кырдаалдан чыгып кеттик. Ошол муктаждыктын артынан электрондук почта ачууну да үйрөнүп алдык. Эми кийинки баламды бала бакчага, мектепке кезекке тургузууда кыйналбайбыз деп ойлойм,-дейт Элнура айым.

 

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер