«КҮЗ ЖАҢЫРЫГЫ» ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН-ФЕСТИВАЛЫНАН БАЙГЕЛҮҮ ОРУН
- 26.11.2020
- 0
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “ Арт-Мурас” драмалык студиясынын көркөм жетекчиси Кундуз Макеева 6-9-ноябрда өткөн «Күз жаңырыгы» эл аралык онлайн-фестивалына катышып, 2-орунду жеңип алды. Макеева «Көркөм окуу» номинациясы боюнча ат салышып, К.Алмазбековдун «Эненин дастаны» поэмасынан үзүндү окуган.
Белгилей кетсек, аталган онлайн-фестивалга Түркия, Казахстан, Өзбекстан, Алтай ж.б. өлкөлөрдүн өкүлдөрү дагы катышкан.
Бөлүшүү
Комментарийлер