КӨУДА ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

  • 18.11.2020
  • 0

Кыргыз-Өзбек университетинде 10-ноябрь – Илим күнүнө карата “Билим, илим жана маданият — жаркын келечек” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин v илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш-чара онлайн форматта болуп, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин жаш илимпоздору жана студенттери катышты.

КӨУДА ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

Алгач конференциянын катышуучуларын КӨУнун илим боюнча проректору Исманов Медербек куттуктап, жаш илимпоздордун жана студенттердин иштерине ийгиликтерди каалады. Андан кийин тарых жана философия кафедрасынын аспиранты Адышева Назгүл “Бүгүнкү күндөгү кыргыз жаштарынын улуттук аң-сезими”, компьютердик технология жана энергетика кафедрасынын аспиранты Бекмуратова Бурулай “Суу эмульсивдик жылуулукту техникалык касиетин жана жылуулугун изилдөө”, гуманитардык-педагогика факультетинин студенти  Исмаилова Айзирек “Кыргыз улуттук баалуулуктары: тил, тарых жана маданият”, Кесиптик колледждин студенти Тургунбаева Гулзина “Онлайн сабак өтүүнүн жетишкендиктери жана кемчиликтери” аттуу баяндамаларды жасашты.

Андан соң конференциянын катышуучулары секцияларга бөлүнүп иш алып барышты.

Соңунда ар бир секция башчылары кенен маалымат берип, баяндамалар талкууланып, илимий-практикалык конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер