“КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨГҮ ШАЙКЕШТИК ОНЛАЙН-СЫНАГЫНЫН” ЖОБОСУ

  • 21.10.2020
  • 0

“Достук жана боордоштук – биздин байлыгыбыз” девизи менен өтөт 

“Маданий  көп түрдүүлүктү эске алуу менен бирге, улут аралык  баарлашуу” биздин вазийпабыз (миссия)

Ар бир жаңы муун  жаңы көйгөйлөргө туш болот.  Биздин балдардын  жана өспүрүмдөрдүн азыркы учурда  эң маанилүү көйгөйү бул  –  бири-бири менен  баарлашуу, сүйлөшүү болуп эсептелет. Биздин  сынак  ушул көйгөйдү  чечүүгө, Кыргызстанда  жашаган  бардык улуттагы элди  биримдикке, достукка, кызматташууга  чакырууга  багытталган.

“Көп түрдүүлүктөгү шайкештик” – бул бардык улуттагы   балдардын, динине, маданиятына карабастан,  мыкты, укмуштуу дүйнөгө  таандык  экендиги. Биз сыртыбыздан  канчалык айырмаланып турсак дагы, ички  дүйнөбүз менен жакын  болушубуз мүмкүн. Чын жүрөктөн, ак ниет жана ачык карым-катнаш, жаныңда  жашагандарды түшүнүү менен кабыл  алуу гана аркылуу биз бири бирибизге жакындап, дүйнөнү  гармониялуу  кыла алабыз.

Сынактын максаты: улут  арасындагы  маек курууга, сүйлөшүүгө, ар бир адамдын индивидуалдуулугун көрсөтө билүү,    маданияттын ар түрдүүлүгүн  кабыл алуу  жана түшүнүү.

Милдети:

— Кыргызстанда жашаган элдердин маданиятына кызыгуу, бардык улуттун өкүлдөрүнө сый урмат менен мамиле жасоо,  улут аралык  жана ар  кандай диндеги  адамдарга  колдоо көрсөтүү;

—       ар улуттун өкүлдөрүнүн маданияты, үрп-адаты, салты, тили жөнүндө өсүп келе жаткан муунга  оң түшүнүктү бекитүү;

—       катышуучулардын арасынан таланттуу, чыгармачыл жана активдүүлөрдү тандап жана аларды кызыктыруу;

Катышуучулардын  чыгармачылыгы – бул, балдардын бирге болуусу,  бирге пикир алышууга, бирге өсүүгө жана дүйнөнү  жакшыртууга далалат жасоолору бир экендигин түшүнүү;

Сынакка, улуттук каада-салтты, Кыргызстанда жашаган улуттардын жашоосун жана ар улутка таандык  болгон  ар кандай жакшы  нерселерди камтыган иштер кабыл алынат. Улут аралык достукту,  бири-бирин түшүнүшүүнү  жана  ар улуттун жакшы нерсесин көрсөтүү  кубатталат.

Сынакты  өткөрүү шарты:

  1. Сынакка 6 жаштан 20 жашка чейинки балдар жана жаштар катыша алышат
  2. Сынак  төмөнкү номинациялар боюнча  өтөт:

“Эң жакшы  сүрөт” (катышуучулардын жашы 10 жашка чейин),  графика(карандаш) жана живопись(акварель, гуашь,пастель, масло, тушь) техникалары менен аткарылышы  шарт;

Эң жакшы  фотосүрөт” (6 жаштан 20 жашка чейинкилер катыша алышат),  иштер jpg форматта аткарылышы керек;

Эң жакшы бий” (9 жаштан 15 жашка чейин), жеке жана коллективдүү бийлерди кабыл алабыз;

Эң жакшы эссе” (13 жаштан жогоркулар), эссенин текстти өзү жазган болушу керек жана тематикага  туура келиши шарт;

Эң жакшы видеоролик”(13 жаштан жогоркулар), өзүнүн идеясын кыска 1 минуталык видеороликте көрсөтүшү керек;

Эң жакшы ыр” (6 жаштан 20 жашка чейинкилер),  ырлар ар кайсы тилде аткарылышы шарт;

  1. Катышуучулар  сынакка 5 ишти салышы керек, жашы сынактын номинациясына  туура келбесе каралабайт;

4.Сынакка жиберүүчү ишке : катышуучунун аты-жөнү, жашы, кайсы аймакта, толук дареги, кайсы окуу жайдан,  жиберүүчү иштин  аталышы, катышуучунун телефондору, еmail почтасы көрсөтүлөт.

Сынакты өткөрүү убактысы: 2020- ж. 20-октябрдан 20-ноябрга  чейин

Сынакка жиберилүүчү иштерди:

Фото жана тартылган сүрөттөр: ватсап 0555769672 же почтасына: [email protected]

Бий жана эссе – ватсап 0551727269 же  почтасына: ira.baltabaeva@mail.ru

Ыр жана видеороликтер  – ватсап 0703566577 же почтасына: [email protected]

Сыйлыктар:

Сынактын жыйынтыгы  жана аларды сыйлоо, катышуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 1,2,3  даражадагы  дипломдорду, активдүү катышкандыгы үчүн грамоталарды  тапшыруу менен жыйынтыкталат.

Сынакта, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына туура  келбеген иш аракеттер,  адамдын кандайдыр бир укуктарын   кысымга  алынышы каралбайт.

Сынакта,  башка бирөөнүн идеясын  көчүрүп алынган  иштер  каралбайт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер