КҮН ТАРТИБИНДЕ: ЖОЖДОРДУ РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕ ОКУУГА ӨТКӨРҮҮ  ЖАНА САПАТТЫК ӨСҮШ 

  • 13.11.2020
  • 0

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Иш-чарада жогорку билим берүү тутумундагы бир катар маселелер талкууланып, бир топ жетекчилерге жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

КҮН ТАРТИБИНДЕ: ЖОЖДОРДУ РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕ ОКУУГА ӨТКӨРҮҮ  ЖАНА САПАТТЫК ӨСҮШ 

ЖОЖДОР РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕ ОКУУГА АЗЫРЫНЧА ӨТПӨЙТ

Ириде жогорку окуу жайларын реалдуу режимге өткөрүү маселеси каралды. Айрым ЖОЖ жетекчилери реалдуу окууну  кышкы сессиядан кийин баштоо сунушун айтышса, айрымдары азыртадан эле баштап, бирок керектүү предметтерди гана оффлайн окутуу жолун сунушташты. Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова   медициналык адистиктерди даярдаган окуу жайларга жок дегенде  4-5-6-курстарды реалдуу режимде окутууга уруксат берүүнү өтүнүп,  анын бир катар себептерине токтолду.

  • Биздин жогорку курстар ансыз деле оорунун очогунда иштеп жатышат. Алар сактануунун жолун билишет. Атайын аудиторияларды дагы даярдап койдук. Бул курстарды реалдуу режимде окутпасак сапатка таасири тийип жатат. Практикалык сабактар өзгөчө керек. Алар бүт баарын өз көздөрү менен көрүп, колдору менен жасабаса, сапат тууралуу кеп кылбай эле койсок болот, — деди Индира Кудайбергенова.

МинистрАлмазбек Бейшеналиев окуу жайларга гибриддик окутууну киргизүүнү сунуштап, кайсы сабактарды онлайн окута берсе болорун, кайсы сабактарды оффлайнга өткөрүү керектигин аныктап, таразалап чыгуу үчүн атайын жумушту топ түзүү тапшырмасын берди. Бул топ бир жуманын ичинде жождорду ачуунун алгоритмин иштеп чыгып, министрликке сунушташы керек.

 

КОНКРЕТТҮҮ БАГЫТТАР, КОНКРЕТТҮҮ ТАПШЫРМАЛАР

Министр 14 алдыңкы жогорку окуу жайына 14 конкреттүү тапшырма берди. Алар бир айдын ичинде берилген багыттар боюнча өнүгүү багыттарын аныктап, министрликке тийиштүү сунуштарын бериши керек.  Жогорку билимди санариптештирүү боюнча Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, келечектеги мугалимдерди даярдоо боюнча Кыргыз мамлекеттик университетине, заманбап окуу китептерин түзүү боюнча Кыргыз улуттук университетине, сапат боюнча Борбор Азиядагы Америка университетине, мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча  ОшМУга, илимий өсүш боюнча Агрардык университетине, эмгек рыногун анализдеп чыгуу боюнча КЭУ менен КМЮУга тапшырды.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер