«КҮН КАРМАГАН БАЛА»: СУЛТАН РАЕВДИН ГУМАНИСТТИК КӨРКӨМ КОНЦЕПЦИЯСЫ

  • 16.05.2020
  • 0

(Биринчи макала)

I

«КҮН КАРМАГАН БАЛА»: СУЛТАН РАЕВДИН ГУМАНИСТТИК КӨРКӨМ КОНЦЕПЦИЯСЫЖазуучу Султан Раев азыр адабиятта кыйла эле «очор-бачар чарба» күтүп калды. Роман десең романдары бар, аңгеме десең аңгемелери, повесть десең повести, драма десең драмалары бар. Публицистика, поэзия десең, Раевде булар да бир топ. Ал бүгүн ата мекендик жана чет өлкөлүк бир кыйла чоң-чоң сыйлыктардын ээси. Кыргызстандын эл жазуучусу. Бирок суроо туулат. Ал кандай жазуучу? Жараткан, жазган  чыгармаларынын сапаты, салмагы кандай? Улуттук сөз өнөрүнө өзгөчөлөнгөн бир саамалыктарды, жаңылыктарды алып келе алдыбы? Жекече чыйырын сала алдыбы? Адабий процесске кошкон үлүшү канчалык? Адабиятыбызды кандай жаңы темалар, идеялар, образдар, боектор менен байыта алды? Бир сөз менен айтканда адабиятыбыздагы анын  орду, салымы, ролу эмнеде?

Мындай чоң суроолорго көрүнгөн эле жазуучунун чыгармачылыгынан жооп таба албайсың. «Эл жазуучусу», «эл акыны» деген наамдары бар бир катар калемгерлер мындай суроолорду көтөрө алышпайт. Аларга карата мындай суроолорду коюшуң бекер убара. «Коюу чаңдын ичиндегилерден» баягы  провинциализмдин жана көнүмүш стандарттардын «таскак салганын» көрүп турасың. Ал эми Султан Раев көптөгөн газеталык, журналдык макалаларда, рецензияларда, баа берүүлөрдө көркөм өнөрдүн секисине чыккан, социализм учурунда калыптанган адабий көчтүн учугун улаган, улуу муундардын артынан келген татыктуу талант, чет жактарга төбөсү көрүнгөн, постсоветтик кыргыз адабиятынын алдыңкы калемгери катары мүнөздөлүп отурбайбы. Демек, Султан Раевге жогорудагыдай олуттуу суроолор, чоң талаптар жана чен-өлчөмдөр менен кароого акыбыз бар.

Эл жазуучусу Мар Байжиев газетага берген бир интервьюсунда «Султан Раев кандай жазуучу, кандай драматург?»  — деген суроого: «Билбейм, аны сынчылардан сурагыла» — деп жооп бергени эсибизде турат. Убагында Мар Байжиев аксакалыбыздын мунусу кандай деп ойлонуп калган элем. Балким, атактуу драматург С.Раев жөнүндөгү мыкты баа берүүлөрдү, көтөрүңкү жазылган маалыматтарды окуп, угуп эле жүрсө керек. Бирок ар кандай мактоолорго сын көз менен караган Мар Байжиев  өзү С.Раевди окубаган соң, бирөөлөрдүн жазган макалаларына негизденип пикир айтууну эп көрбөй, «Билбейм, сынчылардан сурагыла» — деп жооп берсе керек.

Мен Султан Раевдин прозасы жана драмасы тууралуу көп эле позитивдүү мазмундагы макалаларды окудум. Бирок, мен чынымды айтсам, ал макалалардан Султан Раевдин индивидуалдуу художниктик жүзүн көз алдыга даана элестете албадым. Анткени Султан Раев жөнүндө жазылган макалалар көбүнчө жалпылама сөздөргө, обзордук мүнөздөмөлөргө, жондоткон аныктамаларга, рецензиялык мүнөздөгү бааларга, академиялык нуктагы кыска сыпаттоолорго, куш тилиндей сүйүнчү кабарларга бай келип, көркөм текстин тереңдерин жиреген аналитикага, сюжеттик мисалдарга, фактыларга негизделген далилдүү, конкреттүү талдоолорго, анализ жана синтез искусствосуна чукак болуп турат. Туура, жазуучунун артыкчылыктарын жазып, белгилеп жатышат. Бирок, Султан Раевдин чыгармачылыгы баары бир далилдүү сөзгө муктаж. Раевди «Султан Палван» деп дагы жазып келишет. Бирок анын палвандыгы кайсындан көрүнөт?

Баса, айтмакчы, Султандын адабий палвандыгы чын чынында, анын биринчи эле чыгармасынан көрүнүптүр. «Күн кармаган бала» повести аркылуу жаш Султан биринчи эле адабий күрөштө ийгиликке жетишип, байгеге ээ болгон. Бирок ошондо жаш «балбандын» адабий булчуң  күчүнүн өзгөчөлүгү конкреттүү эмнеден көрүндү эле? Султан Раев жазуучу катары кандайча башталган? Ошондо кыргыз адабиятына кандай жаңы күч башбакты эле? Бул маселе тууралуу кенен-чонон кеп кылган адабий талдоону мен эч жерден таба албадым.

С.Раевдин, образдуу айтканда, алгачкы уюткан көркөм жуураты — «Күн кармаган бала» адабий сындын бишкеги менен кенен-кесир бышылбай, негизги артыкчылыгы гана бүкүлү белгиленип, макталып, бирок да, биринчи дебюттун ички адабий сырлары ачылбай, деталдуу талдалбай, адабиятка алып келген жаңылык – саамалыгы далилдүү тастыкталбай, эстетикалык жасалга-жасаты жакшылап аныкталбай ушу күнгө чейин  «ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» дегендей «дың» бойдон калып келет. Жазуучунун биринчи «тырмак алды» чыгармаларындагы артыкчылыктарды аңдап, билбей туруп, анын кийинки адабий ийгиликтеринин сырын жакшы түшүнүү кыйын.

Биз адегенде, Султан Раевдин художник катары башталышын күбөлөгөн «Күн кармаган бала»  повестин талдап көрүүнү чечтик.

II

Чыңгыз Айтматовдун пикирине кулак төшөйлү: «Султан Раев — кыргыздын белдүү калемгер деңгээлине өзүнүн адамдын татаал  ой-кырларын иликтеген алгачкы чыгармасы – «Күн кармаган бала» баянынан канат байлап өсүп чыккан». Улуу жазуучунун купулуна толуп, дароо эле аренадан жарк этип көрүнгөн туңгуч чыгарма – «Күн кармаган бала» повести алыскы элеттеги айылда өскөн жөнөкөй жаш жигиттин калеминен кандайча жаралып калган? Повесть жаралган мезгил 1984-1985-жылдар экен. Ал кезде тоталитардык система, партиялык идеология, социалисттик реализм коммунисттик – коллективисттик тарбия күчүндө турган. Горбачевдун кайра куруусу али баштала элек эле.

Султан Раев  «КПССтин тарыхы», «илимий атеизм», «Саясий экономия», «Илимий коммунизмдин негиздери» аттуу башкы предметтердин курсун бүтүрүп, жаңы эле жогорку окуу жайынын уясынан учуп чыккан кечээки студент болучу. Анын жекече инсандык аң сезиминин советтик идеология менен гармонияда турушу күтүлгөн нерсе эле. Анын үстүнө коммунизмге берилгендиги жагынан бүтүндөй Кыргызстан өзгөчө «үлгүлүү»  өлкө эмес беле. «Жүрөгүм Москва! Жүрөгүм Москва!» — деген ырды ленинчил, большевикчил кызыл кыргыздар ырахаттануу менен угушчу да. ушундай шартта, ушундай атмосферада кыргыз адабиятында күтүүсүздөн адаттан тыш окуя болуп өтпөспү. Коммунисттик идеологиянын базалык принциптеринин бирине моюн толгогон, советтик кыргыз атка минерлеринин жашоо жана ойлоо образдарынын бет пардасын сыйрыган, социалисттик реализмдин алкактарына оң келбеген, турмуштун, жарык дүйнөнүн татаал карама-каршылыктарын жана ачуу чындыктарын жылаңачтап көрсөткөн, колдонгон көркөм аспаптары да демейдегиден бөлөкчөрөөк, философиялык пландагы «Күн кармаган бала» кандайча жаралып чыга келди? Мындай чыгарманы окурмандарга сюрприздерди тартуулап келатышкан кадимки Ч.Айтматов же Мар Байжиев эмес, «сары ооз балапан» Султан Раев тартуулап отурат.

19-кылымдагы Россиянын таланттуу сынчысы, бир жагынан  нигилист, өзүнүн стандарттуу эмес ой жүгүртүүлөрү менен орус коомуна бүлүк салган. Д.Писаревдин өзү жөнүндөгү момундай бир эскерүүсү эске түшөт: «1859-жылдын жайы мен үчүн акыл-ой кризисинин мезгили болду. Бала күнүмдөн бери менин акыл – эсиме, орногон түшүнүктөрдүн баардыгы, менни өмүрүмдүн маңызы делип эсептелип келген,  кебелбес делген даяр ойлом-бүтүмдөрдүн баарысы ордунан чакчалекей түшүп козголду да, мен үчүн өзүнүн негизсиздигин, жарамсыздыгын, жалгандыгын айгинелей баштады».

Султан Раевдин да ички акыл-ой, рухунда ушул өңдүү өзгөрүү болуп өткөн окшойт.  «А чыны  маанилүү эмес тышкы кармаш, манилүү рухуңда ички согуш» дегендей, тубаса зээндүү жаш Султандын жан дүйнөсүндө бала күндөн канга сиңген догмалар жана көнүмүштөр менен ички согуш жүрүп, аң сезим кризисин жана рухий драмаларды баштан кечирип,  андан жаш улан өзгөрүп, жаңырып, кайра жаралып, тарбияланып чыкканы сезилип турат. атактуу черчил «ар кандай кризис – бул жаңы мүмкүнчүлүк» дептир. Мунун сыңарындай, Султандын ичинде жүргөн «согуш» жана кризис ага жаңы акыл-ой горизонтторун ачып берген экен. Буга «Күн кармаган бала» эң жакшы күбө. Көрсө, Султан аталган чыгармасын жазардан мурда эле «текөөрүн» курчутуп койгон ала барчын экен. «Сары ооз балапан» эмес экен. «Султан Раев – жаңы инсан, жаңыча ойлонгон калемгер болуп чыга келди» — деп, Чынгыз Айтматов бекер белгилебептир.

III

«Күн кармаган балада» баягыдай көзгө көрүнгөндү калтырбай терип-тепчип, жорголой сүрөттөгөн, жер менен жер болуп боортоктоп сойлогон кара сөз эмпириясы,  социалисттик «бактылуу» замандагы «гүлдөгөн өрөөндөргө» идеологиялык иллюзиялардын «көз айнеги» менен бажырая караган автордук  оптимизм, ой жүгүртүүнүн  провинциалдык тиби, тышкы окуялуулукка негизделген сюжеттик хронология көрүнбөйт.

«Күн кармаган балада» автордун рухнияты жана интеллектиси көнүмүш догмалардын тушамыштарын үзүп, жогору көккө көтөрүлүп чыгып, айры куйрукчасынан асманда тегерене айланып,  жер бетиндеги кыргыз аймагынан чындык менен жалгандын, жарык менен караңгынын, ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктан, өлүм менен өмүрдүн, романтика менен канатсыз бытовизмдин, акыл-эс менен жапан инстинктердин дайымкы карама-каршылыктуу татаал күрөшүн, башкалар тамшанып сүрөттөгөн «гүлдөгөн өрөөндүн» ары жагынан драма менен трагедияны көрүп турат: Султан Раев «асмандын» алдындагы керилип жаткан географияга тигилет. Жер географиясына да, социалдык географияга да. экөөнү философчосунан салыштыра карайт.

Карачы, айылдан ат чабымдай аралыктагы эч ким каттабай калган эски мазарда да, жан-жаныбарлардын жашоо-тирлиги кайнап турат. Бардык дүйнөдөгүдөй эле, бу мазарда да жашоо инстинктеринин оту алоолонуп жанып, макулуктардын алдуусу алсызын баса калып, бири-бирин аңдып, бирин-биринен коркуп, жөрмөлөгөнүн, сойлогонун канаттуусу илип кетип, адилетсиз жазмыштын алдында тирүүлүк үчүн алдастаган күрөш жүрүп жатат.

Ошол күнкү озондогон албуут кара шамалдын алдында калган эски мазардагы көрүнүштөрдү С.Раев абдан колориттүү сүрөттөгөн. Кыл калем ээси тарткан сүрөттөгүдөй таасын элестеткендиктен окурман өзүн ошол эски мазарда  жүргөндөй сезет. Мобу сөз менен тартылган сүрөттү кара: «Төөнүн көзүндөй болгон ийиндер эски мазарда канча. Кай тарабын караба, ойду-келди казылган арс чычкандардын жан калкалар ийиндери жер  бетин бербейт. Быжыраган ийиндердин оозунан кеткен издер жөргөмүш соккон желеден бетер чаташып, баш айлантат. Чычкандар биринен сала бири сербең эткен баштарын окто-текте сорок-сорок созуп, ийин оозунан утурма-утур чыга калышат». Муну тирүү сүрөт деп ким айтпайт. Дегеле, Султан Раев «Күн кармаган бала» повестинде өзүн тубаса художниктик касиети бар сүрөткер талант экендигин туйгуза алган. Ал бир көндүм ыкма менен жазып кете берген калемгер  эмес экен. Ал жазуучу катары ийкемдүү. Ал актер да болуп, ар кандай образдын ичине кирип кетет. Кээде бу жарыкчылыкка эски мазарда жөргөлөп жүргөн чычкандын көзү менен да карап жиберет: баянын дайыма философиялык ой толгоолор менен коштоп отурат. Баянын жасалмасы жок табигый, чын ыкластан чыккан интонация мнен алып барат. Мына бул үзүндүнү окуп көрөлү. «Ушу суу сактагычка бу жумуру жердин бир бурчунан алакандай жер чыкпаппы? Кары-картаңдардын ошо тепкедей кыштакты кылчайып кароого дарманы шай келбей, бубак баскан сакалдарын карт жүрөктү эзип чыккан ысык жашка жууп, кайрылып бурула албай, бул арман жазмышка тил кайрып сөз айталбай, атаңкөрү көкүрөгү жанар оттой атылып кетти го буерден. Тамыр дегениң киши баласына тамыр тура, кантсе да тамыр тура…. кокуй күн эй! Ошонун баары киши баласынын муштумдай жүрөгүнө сыябы, сыйса кантип көтөрүп жүрмөк? Кантип?…»

Мына ушундай эмоциялуу – экспрессивдүү табигый жазуу манерасы повесттин бүткүл көркөм тулкусуна мүнөздүү десек болот. Ошон үчүн сюжеттеги автордук баян окурмандын ишенимин туудуруп турат. С.Раев керээли кечке тынбай боздогон шамалды да, айылда өлүм кайгысына учураган тагдырлар менен көркөмдүк – логикалык жактан байланыштырып койгон. чыгарманын бөлүмдөрү көзгө көрүнбөгөн жиптер менен туташып, бир бүтүндүктү түзүшөт.

«Бир күндө бу айылдагылар эки адамдын сөөгүн жерге (эски мазарга – С.Б.) бермек болду» — деп келип, анан  С.Раев эски мазардын  «географиясынан» ага канатташ жаткан айылдын «социалдык географиясынын» картинасын тартууга өтөт. Асманда чекит  болуп токтоп турган күйкөнүн көзү жердеги кыбыр эткен нерсени бурчатпай көрүп турганы сыяктуу С.Раевдин бийиктен салган «дүрбүсү» да республикага аты угулган алдыңкы чарбанын салтанаттуу кызыл-тазыл чүмбөтүнүн ары жагынан адамдардын руханий — ыймандык деградациясын жана социалдык драманы көрүп турат. Автордун көрөгөч көзү ээн калган эски мазардагы жан-жаныбарлардын жашоо үчүн күрөшү «социалисттик бактылуу айылда» да  бөлөкчө вариацияда уланып жаткандыгын байкап отурат.

Бул жерде да ачык да, көмүскө да кырчылдашкан кармаш (атактуу раис менен чабандын конфликтиси), өлүм-өмүр күрөшү (бекене адам менен олбурлуу адамдын жырткычтыгы жана мезгилсиз көз жумушкан кыз менен жетим бала, өлгүсү келбей, өмүргө суусаган Басыт башкарманын ажал менен арбашуусу), өзүмчүлдүк, карьеризм, саткындык, кошоматчылык менен жарандык патриоттук адеп-ахлактын, атуулдук ар намыстын, догма менен эркин ойлоонун эрөөлү (райкомдун бюросундагы тымызын ичтен өз ара  кол кармашкан топ менен чабандын катаал кагылышуусу), ошондой эле аракечтик, маңкуртчулук, рухий-ыймандык бүлүнүү жүрүп жатат. Мынакей,  алдыңкы, үлгүлүү айылдагы социалдык турмуш диалектикасы.  Мына ушинтип, С.Раевдин повестинде баягыдай ураан, чакырык, агитация, советтик турмуштун алгалаган «революциялык жүрүшүн» чагылдырган жазуучулук оптимизм жок. С.Раевдин сүрөттөөсү боюнча коммунисттик пропаганда ишендиргендей, кыргыз кыртышында жаңы социалдык-саясий платформада жаңы адам деле пайда  болбоптур. Идеологиялык чапандын бүчүлүктөрүн чечип караса, бу дүйнөгө жылаңач ыңаалап келип, кайра эле о дүйнөгө жылаңач кете бере турган, тагдыры тайкы баягы эле көрпенде жашайт экен. Баягы эле биология, ошол эле эгоизм, баягы эле жеке кызыкчылыктардын арааны, баягы эле агрессивдүү инстинкттер, бири-биринен жем талашуу.

Бир гана айырма, прогресс  деген нерсенин дөңгөлөгү тегеренген сайын адамдын нравалык жактан улам көбүрөөк жакырланып баратышы,тарыхый эстутумдун жоголуп жатышы. Мына, повесттин өзөгүндө эмне жатат? Караңыз: сексуалдык инстинкт кутуртуп, эки эркектин алмончоктой кызды зордуктап өлтүргөнүн окуп, окурмандын төбө чачы тик турбадыбы. Өзүнүн жеке башынын кызыкчылыгы үчүн бардыгына көз жумуп, абийирсиз жорук – жоосундарга барып жаткан бригадир Миталды көргөнүңдө жакаңды карманасың. Илгертен ата-баба конуштап келген бир боор айылынын ордуна, эч ким сурабаса да, суу сактагыч куруу демилгесин көтөрүп, элди куураткан, эски  мазардын четиндеги бабалар мүрзөсүн түзөтүп, арбакты тепсеп, жүгөрү айдап, план толтуруп, жогорку инстанциядагыларга жакшы көрүнүп, даңктуу раис атыккан Басыттын «коммунисттик жетишкендиктерине», анын өзүнө сын айткан чабанды тебелеп-тепсегенине, арсыз көшөкөр  Миталды кызматка көтөргөнүнө не дейбиз? Төрөгөн баласын ажатканага таштагандан айбыкпаган  аял, жан дүйнө деградациясына учураган, аракка тоюп алып ата-бабаларга дөөдүрөп куран окуган маңкурт мүрзө казуучулар  да кадырлуу раис Басыттын «өрнөктүү» колхозунун мүчөлөрү эмеспи. Мынакей, боемолонбогон турмуш чындыгы.

С.Раевдин чыгармасынын баалуулугу анын өтүмүш тарыхтын бир учуруна же социалисттик доордун бир тилкесине тийиштүү көрүнүштөрдү чынчыл чагылдыргандыгында деле эмес. Автор жазган чыгармасынын күнүмдүгүн эмес, түбөлүгүн ойлогон өңдүү. Маселен, илгерки Арстанбек акындын «Тар заман» поэмасын эске түшүрөлү. Тар заман бүгүн да уланууда. «Тар заманда» чагылдырылган кризистик абал-жагдай, кырдаал бөлөкчө вариацияда бүгүн Кыргызстанда да,жалпы глобалдык масштабда да уланууда. «азуулуга бар заман, бечарага тар заман» азыр да күчүндө. Арстанбек олуячылык менен болжогон алдыда болчу адеп-ахлак кунарсыздыгы, пейилдин бузулушу бүгүнкү мезгилдин ачуу реалдуулугу. Үстөмчүл глобалдык күчтөрдүн жутунган агрессивдүүлүгү бүгүн токтогон жок. Арстанбек айткандай, замана улам тарып, адамзат экологиялык апокалипсизди карай жылып баратат. Кенен караганда, «Тар заманда» дегеле бу жарык дүйнөнүн дайымкы конфликттүү абалынын модели берилгендей сезилет. «Тар заманда» көрсөтүлгөн кризистүү, конфликттүү абал бул жашоодогу, дүйнөдөгү  жамандык менен жакшылыктын, жарык менен караңгынын, аксанатайлык менен карасанатайлыктын бүтпөгөн күрөшүнүн символикасы сыяктуу. «Тар заман» мазмунунун терең жана көп маанилүүлүгү, философиялык метафоралуулугу, бүгүнкү глобалдык проблемалар менен дайыма ассоциация жаратып тургандыгы менен өлбөс-өчпөс  чыгарма. Учурунда маркум философ Кадырбек Матиев «Тар заман» — бул жер жүзүнө жалпы таандык бүткүл доордун образы» — деп туура айтып кетиптир.

Көчмөндүк дүйнөдөбү, феодализм заманындабы, социализмде жашайсыңбы же капитализмде жашайсыңбы, бу жарыкчылыкта адам пендеси «Күн кармаган баладагы» башкы каарман Басыт раистин «өмүр-өлүм ситуациясына» акыры бир күн туш болот. Акырында мүрзөнүн кырына келип, адал жашадымбы же арам жашадымбы деген абийир сотуна кабылбай койбос. Өмүр-өлүм, ак-каранын күрөшү, тар заман Султан Раевдин повестинде да уланып жатат.  «Күн кармаган баланын» сюжетинин негизиндеги мазмун, конфликт Султан Раев тарабынан философиялык масштаб менен чагылдырылып, философиялык нукта интерпретациялангандыктан ал кандайдыр бир локалдык көрүнүш эмес, универсалдык мүнөздөгү нерсе катары кабылданбай койбойт. Жазуучунун аталган чыгармасынын күчү жана салмагы мына ушунда деп ойлойбуз.

«КҮН КАРМАГАН БАЛА»: СУЛТАН РАЕВДИН ГУМАНИСТТИК КӨРКӨМ КОНЦЕПЦИЯСЫ

IV

Эми буга келели. Адабиятта эмне айтылгандыгы гана эмес, анын кандай айтылгандыгы да чоң мааниге ээ. Ушул кандай деген маселеге келгенде, кыргыз адабиятындагы мындай бир көнүмүш эске түшөт. Баяндоо стилине ыктаган прозада (описательная проза) каармандарга автордук мүнөздөмө үстөмдүк кылат. Каарман  автордун эркине көз каранды. Персонаж көбүнчө автордун колундагы  пешка сыяктуу. Сюжеттик «тактада» автор пешка — каарманды каалаган жагына «жүрө» берет да, өзү каалаган ишти жасатып, өз атынан каалагандай сыпаттама берип, аны инсандык өз алдынчалыктан ажыратып таштайт. Ал эми «Күн кармаган балада» Султан Раевдин каарманга жасаган мамилеси кандай? Ушул жерде Султанды мен өз оозум менен палван  дегим келип турат. себеп дегенде жаш палван кыргыздын баяндагыч прозасындагы жогорудагыдай көнүмүш адатты торой чалып жыгыптыр да, башынан аттап кетиптир. 1955-1985-жылдар аралыгында Чыңгыз Айтматов баш болгон кыргыз адабиятынын өтө аз сандагы авангард тобунун чыгармаларында каармандар автордук диктаттын  үстөмдүгүнөн бошонуп чыгышып, өз алдынча  индивидуулук катары жашап аракеттенип калышкан эле (Данияр, Жамийла). Султан Раевдин «Күн кармаган бала» повестинде да кейипкерлер баягыдай автордун авторитардык таңуулагыч башкаруусунан «эмансипацияланып»чыгышкандыгы, каарманга мамиле демократиялашкандыгы ачык сезилип турат. мунун өзү эмнени түшүндүрөт? Мунун өзү С.Раевдин кыргызын алдыңкы адабиятынан, орус классикасынан жана дүйнөлүк адабияттан эртелеп жемиштүү таалим-сабак алгандыгын айгинелейт.

Султан Раев повестинде кейипкелерди «чүлүктөп» жетелөөдөн, аларга өзүнүн атынан тышынан мүнөздөмөлөрдү, сыпаттамаларды берүүдөн качып, каарманга өз бетинчеликти ыроолоп, анын өз образын өзү ачышына сюжеттик шарттарды түзөт. Буга мүнөздүү мисал катары Басыт раистин жана бригадир, сельсовет Миталдын образдарын келтирсек болот. Бул каармандар өздөрүнүн ички речи, ички күбүрөнүүлөрү, диалогдору, ички монологдору, таштаган кадамдары, жасаган жорук-жоосундары аркылуу өздөрүн өздөрү мүнөздөшөт, өздөрүнүн ички дүйнөсүн өздөрү ашкерелешет. Бул прозадагы өзүнчө бир жаңылык, өзүнчө бир көркөм жетишкендик, өзгөчөлүү чеберчилик эмей эмне? Жазуунун мындай жаңыча көркөм техникасы айрыкча, аталган каармандардын колхоздун чабаны менен болгон кагылышуусунда, райкомдун бюросундагы чыңалган  айкашта, раистин өлүм алдындагы алдастоолорунда, анын сөөгүн коюуга байланышкан кырдаалдарда демонстрацияланат. Бул сюжеттик түйүндөрдөгү жазуучунун колдонгон аспаптарынын ийкемдүүлүгүнөн улам кейипкерлердин образдары психологизмге карк болуп чыга келген. Н.Г. Чернышевский айткандай, аталган образдардан «жан дүйнө диалектикасын» көрүүгө болот. Ички речь жана көздөрдүн үнсүз сүйлөшүүлөрү, суроо-жооптор, курч диалогдор, ачуу репликалар айрыкча, партбюрого катышкан Миталды, Басытты, райкомдун биринчи секретары  Асанакун Шамыратовичти, чабанды ич жактарынан аңтарып көрсөтөт. Бюродогу конликтте Басыт раис менен райкомдун биринчи секретарынын ички ишенимдери ачыкка чыгат. Булардын «коммунисттик» ишенимдери «Мамлекеттик кызыкчылык» жөнүндөгү түшүнүктү догматикалык түрдө бир жактуу туюнууга негизделген. Биринчи секретарь менен раис үчүн бардык нерсе мамлекеттик кызыкчылыкка курман чалыныш керек. Бул абсолюттук  нерсе. Булардын дилинде гумандуу максат гумандуу каражаттар менен ишке ашырылышы керек деген түшүнүк жашабайт. Экөө үчүн жогортон түшүрүлгөн социалдык заказды аткаруу үчүн ата-бабалардын мүрзөсүн түзөтүп, арбактарды тепсеп, эгин айдоо, илгертен боор эт менен тең болуп калган ата конушту суу сактагыч үчүн садага чабуу, тамырларды кыркуу, тарыхый эске балта чабуу, эл-журтту рухий-моралдык азапка салуу чекилик, күнөө эмес, тескерисинче «мамлекеттик кызыкчылыкка» үлгүлүү кызмат кылуунун, коммунисттик граждандууулуктун өзү. Ошон үчүн бул экөө коомдун атактуу, урмат-сыйлуу, ишенимдүү адамдары болуп отурушат.

Бир сөз менен айтканда, Султан Раев жогорудагы экөөнүн «мамлекеттик моралын» психологиялык көркөм каражаттар менен ачып берүү аркылуу, жеке адамды мамлекеттик машинанын «винтигине» айландырган   коомдук системанын авторитардык-тоталитардык  антииндивидуалдуу  принцибине жок деп айткан.

Султан Раев чыгармасынын көркөм логикасы жана подтексти аркылуу адам коомундагы эки башталманын (жалпылык жана жекелик) бири-бири менен гармонияга келиши жөнүндөгү өзүнүн философиясын ишаралаган. «Мамлекеттик кызыкчылыктын» жалпылыктын бир жактуу тоталдык үстөмдүгүнө альтернативаны момундай ыр саптары менен берсе болор эле дегибиз бар.

Кааласам жекеликти,

Чанбаймын жалпылыкты.

Тамырым жамаатта, элде,

Таалайым жекеликте.

Болбосом жеке, жалгыз,

Кусадан ооруп калам.

Жамааттан ажырасам,

Мен чөптөй соолуп калам.

Экөөнөн азыктансам,

Дайрадай толуп-ташам.

Жалындап күйүп-жанам!

Мына ушинтип, жекелик менен жалпылыктын өз ара гармониясы гана коомдун рухий саламатчылыгын камсыздай алат. «Күн кармаган баланын» тереңинен ушундай демократиялык гуманизм сызылып чыгып турбайбы.

V

Сюжетти дагы бир өңүттөн карап көрөлү. Экзистенциализм философиясында «Чек ара кырдаалы» («Пjграничная ситуация») аттуу түшүнүк жашайт. Адам «чек ара кырдаалына», башкача айтканда, өмүр менен өлүмдүн ортосунда, тагдыры кылдын кырында  кылтылдап урганда, жан дүйнөсү катуу силкинип, күтүүсүздөн көзү ачылып, капыстан аң сезимин каптаган «чел», иллюзиялар жоголуп, нагыз жылаңач чындыктын өзүн көрө салат экен.

Чыгармада Басыт раис да «чек ара кыдаалына» туш болот. Кечөөкү «азуусун айга жанган», дегеле бир өлбөчүдөй болуп, буурадай буркулдап жашап келген мартабалуу башкарма бүгүн катуу ооруп, ажал менен алышып, колунан эч нерсе келбей, алсыз бечара байкуш кейпинде төшөктө жатат. Ушундай «чек ара кырдаалында», чымын жаны чыркырап турганда, буга чейинки бүт өмүрү көз алдына келип, катачылыктары менен жаңылыштыктары биринен сала бири көрүнөөгө калкып чыгып, бу дүйнөгө жыңалач келип, кайра жыңалач бойдон кетээрин  «чек арага» келгеннде туюнуп, куу дүйнөнүн жалгандыгын сезип, ал абийир сотуна кабылат. Төшөктө чабалактап жатканда, баягы өзү демлигелеген суу сактагычтын суусу айылдаштарынын аккан көз жашы болуп көрүнүп, айласын таппай алдастайт. Кылган күнөөлөрү караңгыда жанган мышыктын көзүндөй болуп өзүн тиктейт. Акырында араң жан жатып, раис «кечиргиле» деген сөздү айтууга үлгүрөт. Басыт башкарма өлүм алдында буга чейин көзү боөмолонуп жашап, чыныгы адамдык жашоо эмне экендигине, өмүрдүн маңызы неде экендигине маани бербей, куру шаңданып күн көрүп келгендигин күңүрт аңдайт. Бирок өмүрдү кайрадан баштоого кеч болуп калган эле. Анын болор-болбос угулган «кечиргиле» деген сөзүн жанында тегеректеп тургандардын эч кимиси түшүнгөн жок, жөөлүр жатат деп ойлошот. Раистин даңкынын, салтанаттуулугунун ары жак түбүндө трагизм жаткандыгын окурман ачык сезет жана бул ачуу чындыкка карата акыркы мүнөттөрдө каармандын өзүнүн да көзү ачылат. Тагдырдын тамашасы жана трагикалуу парадокс ушунда, маркумдун сөөгү тирүүсүндө өзү түзөтүп, жүгөрү айдаган аймактын четине коюлат.

Чыгарма бизди өлүм алдында алдастабай, тирүүлүктө адам болуп, туура жашап өтүүнү каңкуулайт.

Султан Раев Басыт раистин ич дүйнөсүн өлүм алдындагы агониясын, капыстан көзү ачылышын (озарение), эмоционалдуу — экспрессивдүү баяндоо менен, каармандын психикасынын алдастоолорун, түш көрүүлөрүн, галюцинациясын, ретроспектик эске түшүрүүлөрүн, бушаймандарын кылдат сүрөттөө аркылуу жана да сюжеттин түзүлүшүн көнүмүш эмес түрдө уюштуруу аркылуу, окуянын жүрүшүнө улам улам философиялык боекторду сүртүп, ынанымдуу ачып берген. Белгилеп кете турган нерсе, экспрессивдүү, психологиялуу, философиялуу жазуу стили повестин башынан аягына чейин мүнөздүү десек жаңылышпайбыз. Айта кете турган нерсе, бөтөнчө райкомдун бюросунун жүрүшү атайы видеого тартылып алынып көрсөтүлүп жаткандай элес калтырат. Ар бир каармандын өзүнүн мүнөзүнө жараша речи бар. Айрыкча, Басыт менен Миталдын бюродо тымызын көздөрү менен сүйлөшүп, бири-бирин ичтен түшүнүп турган эпизоддорду окуганда Султан Раевдин каармандын ич — койнуна кире билген психологиялык чеберчилигине кубанбай койбойсуң.

VI

Образдарды дагы бир кырынан карап, сөздү уланталы. Батыштык бир философтун «асманды ай, күн, жылдыздар жарык кылып турса, адамдын ичин моралдык закон жарык кылып турат» деп айтканы бар. Чындыгында, адамды адам кылып кармап турган нерсе анын жан дүйнсүн уялаган моралдык закон – уят, ыйман, абийир эмеспи. Эгерде адамдын ичинде моралдык закон жок болсо, ал ойлонгон кош аяктуу макулук кейпин кийип, кээде акылдуу жырткычка да айланып кетээри чын. Буга ынаныш үчүн, урматтуу окурман, «Күн кармаган баладагы» жанагы күнөөсүз кызды зордуктап, анан муунтуп өлтүргөн, күнөөлөрүн жашырыш үчүн айыпсыз жетим баланы атайылап машине менен тебелетип о дүйнөгө жөнөтүшкөн адам-айбандар жөнүндөгү, ошондой эле алыскы мазардагы бейкүнөө жаныбалдарды аеосуз кетмендеп кырчып, табасы кана мээлерин былчыйта чаап, өзүнчө эле кутуруп, адамдык кейптен кетип жаткан аракеч мүрзө казуучу туурасындагы окуяларды окуңуз. Булардын жан дүйнөсүндө моралдык закондун чырагы өчүп, агрессивдүү инстинктер даң салып калган. Сөз узарганына карабастан, ушул жерден моралдык закон өңүтүнөн  дагы бир жолу раис Басытка серп таштап өтөлү.

Басыт бир күнү балдарына мындайча акыл берип жатат:  «Кызматың болсо кишисиң элге. Азыр кызматка карап салам айтмай заман. Колуңан кокон келбесе кай арыңа кишисиң өзү? Казыр башыңы ойлобой, көчүгүңдү ойло…. Буну жадыңардан чыгарбагыла. Жакшы жашайм десеңер отурган жериңер жумшак, кызматыңар түзүгүрөөк болсун. Элдин күнү түшкүдөй болсун силерге. Күнү түшкөн соң элден өткөн акылдуу жан барбы, сыйлап алат силерди. Сыйлаган жерде сый каадасы болбой коймокпу өзү. Өнөт да, өнөт бирдемке». Басыт уулдарын мансаптуу креслолорго отургузам деп «Тааныштан таныш салып, туугандан тууган сүрүштүрүп, сөөмдөн сөөм, тамыр издеп, урук иргеп, тукум кууп, барбаган жери, баспаган  астанасы  калбай, убайым – убара тартып»,  оюндагысын орундатат. Караңыздарчы, ойлоонун жүрүм-турумдун ушул образы да моралдык закон менен жашообу? Ыйман, сабыр, топук менен  өмүр сүрүүбү? Ырас, Басыт башкарма пландарды толтурган, чарбаны өстүргөн. Бирок ал ичтеги моралдык закон менен эмес, моралды, киши баласындагы алдыңкы сапаттарды имитациялап жашаган. Басыттын балдарынын катарында «аза күтүп» атып маркумду ойлобой, раистин креслосу мага тиеби же бирөөгө алдырып жиберемби деп санааркап турган, мартабалуу райистин мүрзөсүнүн катарынан облустан келген кишилер көрсө уят деп, өлгөн жетим бала үчүн жай каздырбай койгон Митал да бетинин кызылы өчүп, моралдык законду аттап көнгөн ыймансыз.

VII

Ошентсе да, акырында айтарыбыз, «Күн кармаган бала» окурманда адеп-ахлак  пессимизмин жаратпайт. Чыгармада моралдык закон менен жашаган, уят-ыйманды, абийирди ыйык тутуп, кандай гана кырдаалга туш болбосун, моралдык позициясынан тайбаган, өмүрдүн маңызын байлыктан, бийликтен эмес, ак, таза, адал жашоодон көргөн, райкомдун бюросунда уюшкан мансапкорлордон «жеңилсе» да, өзүнүн тууралыгына жана нравалык ишенимине, идеалына түз бойдон кала берген алиги чабан каарман бар. Повестте бул чабандын аты аталбаганы менен өзүнчө личность катары эсибизде бекем  сакталып калат. Моралдык закон анын тил учунда эмес, ички дүйнөсүндө күн болуп жанып турат. чабандын образы окурманда жаркын маанайды жаратып, чыгарманын нравалык пафосун аныктап, кишидеги рухий асылдыкты кастарлап, идеалга чакырып тургандыгы менен маанилүү. Чабандын образы «жемиштүү», «жеңиштүү» жашоону имитациялоочулардын каршысындагы өзүнчө бир моралдык альтернатива.

Повесттин нравалык мазмунун жашоодон эрте кеткен  он эки жашар  жетим баланын образы күчөтүп турат. жетим бала,  анын кыялый дүйнөсү  жөнүндөгү баян окурманды ойлондурган, көркөм аңгеме – дүкөн. Чыгармадагы кыска дагы, нуска дагы, трагизмге да, романтикага да, ак жаркын утопияга да, реалдуулукка да, адабий фантазияга да ширелген өүзнчө бир оптимисттик символика. Бул аңгеме көзгө көрүнбөс логикалык жиптер менен чыгарманын бардык бой тамырлары менен чырмалышып, көркөм композициянын тутумунда табигый «жүрөк кагып» турат. Бала кем акыл болсо да, ичи таза, бае, күнөөсүз, кыялкеч, көртирликтин ичиндеги пенделер көрбөгөн нерсени көрүп, туйбаган нерсени туюп турган өзүнчө бир сергек орган сыяктуу. Бала чоң кишилердин дүйнөсүн кандайдыр бир караңгы, жаман, ыплас нерселер каптап калганын сезет. Ал адамдарга жардам бергиси келет. Ал айылга көктөгү күндү кармап алып келип, кишилерге адашпай  тургандай кылып жарык нурду бергиси келет. Ошон үчүн бала «жерге тийип», адырга батып бараткан күндү кармайм деп дайыма тызылдап күн артынан жүгүрөт. Жогоруда асманды ай, күн жарык кылса, адамдын ичин моралдык закон жарык кылат деген философтун сөзүн айттык эле. Чоң кишилер аны «дабдыр» дешип кытмыр карашса да, бала ошол философ сыяктуу акылман, көзү ачык. Бала адамдардын ичинде моралдык закондун күнүнүн жаркырап тийип турушунун зарылдыгын интуитивдүү түрдө сезип турат. бул баладан таасир алган анын дос баласы чычкандарды да аяйт. Ал да күндү кармагысы келет. Адамдардын ичиндеги моралдык күн дүйнөнүн асылданышынын, пенденин өлбөстүгүнүн  мүрөк суусу – бул Султан Раевдин гуманисттик көркөм концепциясы.

 

VIII Кыскача тыянак

 

«Күн кармаган бала» коомдогу, тышынан жаркыраган жасалма, жалган, иллюзордуу алдамчы нерселердин бет пардасын сыйрыган, коюнунан окурмандарга күндүн нурун чачыратып, моралдык асылдыкка чакырып турган 20-кылымдын аягындагы кыргыз адабиятынын олуттуу чыгармасы.

Албетте, чыгарманын өзөгүнө доо кетирбей турган айрым мүчүлүштүктөр да бар. Бирок  «Күн кармаган бала» негизинен кыргыз прозасына бир катар жаңылыктарды: чыгарманын сюжеттик – композициялык түзүлүшүн жаңыча уюштурууну, стандарттуу эмес көркөм ойломду, баяндоонун   эмоционалдуу – экспрессивдүү манерасын, аңгемелөөнүн образдуулугун, психологиялуулугун, философиялуулугун, каармандардын автордук эркти, диктатты таңуулоодон эркин коюуну, реалистүүлүк менен романтиканын синтезин, жазуунун жаңыланган техникасын, классиканын сабактарын өздөштүрүү маданиятын алып келген.

Соңунда дагы бир жолу белгилейли, адабиятта окурманга тартууланган идеялар, этикалык нарктар, бүтүндөй мазмун публицистикалык декларация түрүндө эмес, көркөм образдын тили менен, көркөм форманын көптөгөн элементтеринин комплекси аркылуу жүзөгө ашат. Султан Раев повестинде ушундай адабияттын өзүнүн спецификалык тили менен сүйлөөгө аракет кылган. Автордун бул аракети ийгиликтүү ишке ашкан.

Султан Раев жазуучу катары мына ушинтип башталган. Анын «Күн кармаган бала» повести мазмуну оңбой турган, боегу өчпөй турган, өлбөй турган чыгарма.

 

«КҮН КАРМАГАН БАЛА»: СУЛТАН РАЕВДИН ГУМАНИСТТИК КӨРКӨМ КОНЦЕПЦИЯСЫ

Советбек Байгазиев

Филология илимдеринин доктору, адабиятчы,

сынчы, жазуучу — публицист

Бөлүшүү

Комментарийлер