Өлкө башчысы жатак-мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты
- 01.06.2026
- 0
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жашаган социалдык турак жайга барып, алардын жашоо шарттары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында томолой жетимдер жана интернат бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын уюштурулган убактылуу социалдык конок үйү тууралуу маалымат берилди. Бул жай жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин өз алдынча жашоого кадам таштап жаткан жаштардын турак жайсыз калуу көйгөйүн чечүү максатында түзүлгөн.

Учурда бул жерде 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү.
Президент Садыр Жапаров жаштар менен баарлашып, алардын окуусу жана келечектеги пландары тууралуу сурап, жашоо шарттары менен жеринде таанышты. Ал жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы 2020-жылдан тарта бул багытта системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, бүгүнкү күндө жаштар жогорку окуу жайын бүтүрүп же жумушка орношконго чейин ушул сыяктуу социалдык турак жайларда жашоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Ошондой эле келечекте бул категориядагы бүтүрүүчүлөр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ боло турганы, ошондой эле “Келечекке салым” мамлекеттик программасынын алкагында 500 миң сомдук топтомо каражаттан пайдалана алары айтылды.
Жолугушууда жаштар жайкы эс алуу лагерлерин уюштуруу маселесин көтөрүшүп, окуу жылы бою мекемелерде болуп сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдиришти. Мамлекет башчысы бул сунушту колдоп, тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам чечүү тапшырмасын берди.

Соңунда Президент Садыр Жапаров жаштарга окууда жана келечектеги эмгек жолунда ийгилик каалап, тартипти сактоо, тыкандык жана үзгүлтүксүз билим алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Комментарийлер