Кадамжайда Орозбеков мектебинде аскерге даярдык каанасы ачылды

  • 01.06.2026
  • 0

2026-жылдын 21-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Абсамат Масалиев айыл аймагындагы №9 А. Орозбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинде салтанаттуу түрдө аскерге чейинки даярдык каанасы ачылды.

АЧД га педагог, улук лейтенант Арипжанов Турдумамат агайдын аты берилди.

Демилгечи  болгон республикалык «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Джайлообай жетектеген «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси, Абсамат Масалиев  айыл өкмөтүнүн  башчысы Мамажанов Каныбек жана Арипжанова Элмира баштаган Арипжановдордун үй-бүлөсү биргеликте АЧД каанасын ачышты.

Аталган демилге жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, аскердик тартипке үйрөтүү жана өлкөнүн коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу максатында ишке ашырылды.

Мектептин директору Абдикаримова Айнура өз сөзүндө азыркы учурда жаштарды аскердик-патриоттук духта тарбиялоо мамлекеттик артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин, билим берүү мекемелеринде аскерге чейинки даярдоо кааналарын уюштуруу учур талабы болуп жатканын баса белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарага катышкандар:

  • “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Джайлообай;
  • Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин Баткен областындагы өкүлү, майор Чыйбылова Асель ;
  • Республикалык “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча координатор, полковник   Матибраимов Маматсабыр;
  • Республикалык “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, полковник Эрматов Кимсан ;
  • Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажанов Каныбек ;
  • Кадамжай райондук аскер комиссариатынын өкүлү, майор Раимжан уулу Таласбек катышып, өз сөзүндө мекенчилдикке үндөп өттү.
  • Жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Турдумамат Арипжанов агайдын үй бүлөсү жана кесиптештери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, Афган согушунун ардагерлери, 1999-жылдагы жана 2021–2022-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон мекен коргоочулар эскерилип, аларга арналган куран окулду. Ошондой эле өмүрүн жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого арнаган улук лейтенант Арипжанов Турдумамат агайдын агартуу тармагындагы эмгеги белгиленип, жылуу сөздөр айтылды.

Жаңы ачылган АЧД каанасынын негизги багыттары:

  • окуучуларга баштапкы аскердик билим берүү;
  • аскердик тартипке жана жоопкерчиликке тарбиялоо;
  • жаштарды Ата Мекенди коргоого даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарын үйрөтүү;
  • мекенчилдик аң-сезимди жана жарандык позицияны бекемдөө болуп саналат.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, мекенчилдик духтагы салтанаттуу маанайда өттү. Ачылган АЧД каанасы жаштарды тарбиялоодо маанилүү борборлордун бири болуп, келечекте өлкөнүн татыктуу жарандары менен мекен коргоочуларын тарбиялоого кызмат кылаары белгиленди.

Аталган мектептин директору Абдикаримова Айнура Республикалык “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин “Мээрим” медалы жана Турдумамат Арипжановдун жубайы Арипжанова Жээнгүл “Сыймык” медалы менен сыйланды.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажанов  Каныбек тарабынан билим берүү мекемесинде аскерге чейинки даярдоо каанасын уюштурууда кошкон салымы үчүн “Мекенди коргоочулар”  коомдук бирикмесинин төрагасы  Джайлообай Эшанкуловго  жана полковник   Маматсабыр Матибраимовго сыйлоо баракчалары тапшырылды. 

Бөлүшүү

Комментарийлер