КӨҢҮЛ БУРГУЛА! ЖРТга КАТТОО ЖҮРҮП ЖАТАТ

  • 11.03.2020
  • 0

Мектепте окуган абитуриенттер окуган жеринен каттоодон өтүшөт, ал эми мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү үчүн каттоо шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө өткөрүлөт.

Маалыматка караганда, тестке кирүүгө уруксат алуу үчүн Катышуучу каттоодон өтүшү жана анын жанында төмөнкү документтер болушу керек:

— сүрөт чапталып, тестке каттоо жүргүзүлгөн билим берүү мекемесинин же жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн мөөрү басылган тестке киргизүү талону;

— инсандыкты күбөлөндүрүүчү документ: паспорт же, эгерде Катышуучу 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк менен өзү окуп жаткан жерден алынган, сүрөтү чапталып, билим берген мекеменин мөөрү абитуриенттин сүрөтүнүн чет жагына басылган маалымкат (справка). Маалымкат билим берген мекеменин директорунун колу менен тастыкталыш керек. Каттоо 3-апрелде аяктайт.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИ ЖРТны ТАПШЫРА АЛБАЙТ.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер