КЫШКА ЖАНА РЕАЛДУУ ОКУУ РЕЖИМИНЕ ДАЯРДЫК

  • 21.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрүп, кышка даярдык, билим берүү процессин реалдуу режимге өткөрүү, мугалимдерди жана техникалык кызматкерлерди эмдөө, билим сапаты, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу сыяктуу бир катар орчундуу маселелерге токтолду.

КЫШКА ЖАНА РЕАЛДУУ ОКУУ РЕЖИМИНЕ ДАЯРДЫК

Министр ириде мектептерди 2-чейректе ачуу маселеси каралып жатканын, ал үчүн билим берүү мекемелери даярдыкты эмитеден башташы керектигин баса белгиледи.

  • Учурда 1-6-класстардын окуучулары окуп жаткан 160ка жакын мектеп бар. Алардын санын көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Албетте, бардык мектептерди бир убакта ача албайбыз. Акырындап оору жок же аз болгон аймактарды реалдуу режимге өткөрсөк деп аракет кылып жатабыз. Бирок ал үчүн жергиликтүү бийликтин сунушу менен жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык кызматтын уруксаты болушу керек. Бирок оорунун экинчи толкуну катуу жүрүп жатат. Аны дагы эске алуу зарыл, — дейт министр.

Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, азыр Өкмөткө мугалимдерди жана техникалык кызматкерлерди эмдөө сунушу киргизилди. Эгерде ал колдоо таап калса, мугалимдердин бардыгы эмдөөдөн өтөт.

КЫШКА ЖАНА РЕАЛДУУ ОКУУ РЕЖИМИНЕ ДАЯРДЫК

Аралыктан билим берүүдө кайтарым байланышты жакшыртуу, ата-энелер менен окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын дагы берди. Анткени сабак окутуп жатып балдарын урган же баласын окута албай бири-бири менен урушкан ата-энелер көп болууда.

Министр жетекчилерди ыкчам иштөөгө, ар бир коюлган маселени жеринде чечүүгө, коомдогу болуп жаткан окуяларды талдай билүүгө чакырып, аралыктан билим берүүдө технологияларды пайдалана албай жаткан мугалимдерге жардам берип, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатып, окуучулар менен болгон кайтарым байланышты жөнгө салуу керектигин да баса белгиледи.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер