КӨК-ЖАҢГАКТАГЫ №71 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ
- 03.07.2018
- 0
ТУРМУШТА ӨЗ КЕСИБИҢДИ ТАНДАЙ БИЛ!
«Тигүүчү, улуттук буюмдарды жасоочу»,
11-класстын базасында окуу мөөнөтү: 10 ай
«3-даражадагы электр жаасы менен ширетүүчү»,
9-класстын базасында окуу мөөнөтү: 3 жыл
«С-1 категориясындагы унаа айдоочу»,
11-класстын базасында окуу мөөнөтү: 10 ай
Окуу жайын аяктаган окуучулар кесиби боюнча диплом, 11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат жана профессионал категориясындагы айдоочулук күбөлүк алышат. Кесиптик лицейде 3 жылдык мөөнөт менен окуган окуучулар билимине жараша 200 сомдон 300 сомго чейин стипендия алышат. 10 айлык мөөнөт менен окуган студенттер 300 сомдон 500 сомго чейин мамлекеттик стипендия менен камсызданышат. Ата-энесинен айрылган студенттерге ар ай сайын 624 сомдон турган стипендия каралган. Окуу жайыбызда студенттер 3 маал ысык тамак жана жатакана менен камсыз боло алышат.
Каалоочуларга ден соолугун чыңдоо үчүн жылына бир жолу Ош шаарындагы «Барчын» жана Ысык-Көлдөгү «Келечек» санаторияларына жолдомо берилет. Окуу жайда бардык кесип бюджеттик (акысыз окуу) негизде жүргүзүлөт.
Окуу жайда студенттер арасында маданий иш-чаралар, спорттук оюндар жана ар кандай темада КВН өткөрүлүп турат, ошондой эле ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуулар өтүп турат.
Урматтуу абитуриент, турмушта өз кесибиңди тандай бил! Окуу жайыбыздын эшиги ар дайым сен үчүн ачык!
Окууга кирүү үчүн керектүү документтер:
— Директордун наамына жазылган арыз,
— 3х4 көлөмдөгү 4 даана сүрөт,
— Ата-энесинин паспорт көчүрмөсү,
— Жашаган жеринен кварталдык тактама,
— Туулгандыгы тууралуу күбөлүк,
— 9-11-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк же аттестат (оригиналы),
— ОМС тин көчүрмөсү,
— Медициналык справка 086У,
— Дело 1 даана.
Документтер 2018-жылдын 25-августуна чейин кабыл алынат.
Биздин дарек:
Көк-Жаңгак шаары, Завод көчөсү -3
Байланыш телефондор:
03748 2 11 28
Директор: 0771 77 66 86
УПМР: 0773 08 05 93
УВР: 0771 34 93 44
Комментарийлер