К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ БАЖК

  • 24.05.2021
  • 0

К.Көлбаев атындагы БАЖК 1957-жылы 19-июнда негизделген.

Кыргызстандагы алдыңкы ОКББУ катары 2015-жылдагы “Билим берүү” номинациясы боюнча КР Өкмөтүнүн “Сапат” конкурсунун диплому менен сыйланган.

Төмөнкү адистиктерге студенттерди кабыл алууну жарыялайт:

190604 «Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо»

190503 «Унаанын электржабдуусун жана автоматикасын пайдалануу (автомобилдик)»

190605 «Көтөрүүчү-унаалык, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо»

230110 «Компьютердик тармактарды жана эсептөөчү техниканын каражаттарын техникалык тейлөө»

190701 «Унаада (автомобилдик) ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

270206 «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу»

080110 «Экономика, бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)»

БАЖКны тандоонун беш себеби:

  1. Баардык адистиктер ар качан жана баардык жерде талап кылынат жана көп төлөнөт;
  2. Билим берүү программалары Ата мекендик жана эл аралык таанууга ээ;
  3. Окууга өтүү жана окутуу ачык жана айкын жүргүзүлөт;
  4. Өндүрүштүк тажрыйба жалпы республикалык системада белгилүү ишканаларда өткөрүлөт;
  5. Ыңгайлуу студенттик жатакана жана мазмундуу студенттик турмуш.

Колледжде окуп жаткан мезгилде студенттерге “В” жана “ВС” категориясындагы айдоочунун күбөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берилет. КОЛЛЕДЖДИН ДИПЛОМУНУН НЕГИЗИНДЕ автоишканаларда, КР ИИМ ЖКК (МАИ) тармагында, транспорттук инспекцияда, транспорттук-экспедициялык жана логистикалык компанияларда, автосервистерде, жол-куруу ишканаларында, жүк терминалдарында, жол көзөмөлдөө кызматтарында, Кыргыз Республикасынын унаа жана жол министрлигинин ишканаларында жана башка кызматтарда иштей алышат.

Колледжди аяктагандар Кыргызстандын төмөнкү жогорку окуу жайларында окуусун уланта алышат:

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КГТУ), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА), Кыргыз мамлекеттик агрардык академиясында (КМАА), Кыргыз-Россия Славян университетинде
(КРСУ).

Жогорку билимин Россиядан улантууга умтулган бүтүрүүчүлөр Томск политехникалык университетинен, Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинен, Волгадагы мамлекеттик технологиялык университетинен, Костромадагы агрардык академиядан жана Казандагы федералдык университетинен бюджеттик негизде окуусун уланта алышат.

Колледжде баардык адистиктер боюнча 21 лаборатория, устакана, электрондук китепкана, тестирлөө борбору, жатакана, спортзал, жайкы спорт аянтча, заманбап кичи футбол аянтча, студенттик ашкана, бекер интернет жана Wi-Fi. бар.

Окуу мөөнөтү:

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай;

— 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.

Контракттын баасы 2021-2022-окуу жылына карата:

— күндүзгү окуу бөлүмүнө – 26000 сом\жылына,

— сырттан окуу бөлүмүнө – 20000 сом\жылына.

Керектүү документтер:

билими жөнүнүндөгү документ (аттестат же билими жөнүндө күбөлүк), паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, 3х4 өлчөмүндөгү сегиз сүрөт, аскердик билет же аскердик күбөлүк.

Дареги: 720044, Ч.Айтматов проспектиси 52.

Тел.: факс: 0312-59-60-88. +996 703 63 31 31. +996 9900 33 00 63.

Колледждин эл. почтасы: [email protected]

Колледждин веб-сайты: www.BADK.kg

Кабыл алуу комиссиясы 2021-2022-окуу жылына карата аралыктан документтерди кабыл алууну баштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер