К.И.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТНИН ТОКМОКТОГУ КОЛЛЕДЖИ
- 15.05.2024
- 0
2024-2025-окуу жылына студенттерди кабыл алууну жарыялайт
9-класс жана 11-класс базасында күндүзгү бөлүмгө бюджеттик жана контракттык кабыл алуу
— Унаанын электр жабдыктарынын эксплуатациясы жана автоматикасы (унаа түрлөрү боюнча суудан башкасы);
— Автомобилдик унааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо;
— Электрдик жана электромеханикалык жабдууларды техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо;
— Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу;
— Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
— Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;
— Финансы (тармактар боюнча);
— Башталгыч класстарга сабак берүү;
— Мектепке чейинки билим берүү.
Окуу мөөнөтү:
9-кл. базасында -2 жыл 10 ай
11-кл. базасында — 1 жыл 10 ай
Сырттан окуу бөлүмүнө орто жана атайын орто билими барлар контракттын негизинде кабыл алынат:
«Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» — Окуу мөөнөтү 2 жыл 4 ай.
Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-июнунан 25-августка чейин
Керектүү документтер:
- Абитуриенттин арызы
- Орто билими тууралуу, толук эмес билими тууралуу күбөлүгү жана атайын орто билими тууралуу диплому;
- 3х4 формасындагы 6 фотосүрөт;
- Паспорт (көчүрмөсү) (эгерде паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүгү), аскердик билет жана аскердик жазылган күбөлүк.
Дареги: Токмок шаары, Гагарин көчөсү 71
Кабыл алуу комиссиясы
Телефон: 03138 3-53-29, 0705160824
Е-mail: tak-38@mail.ru
Сайт: www.tak.on.kg
tokmok_сollege
Комментарийлер