КӨЭАУ: жаңыланган колледж колдонууга берилди
- 02.10.2025
- 0
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин 5-окуу имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди.

Имараттын ачылыш аземи салтанаттуу уюштурулуп, ага университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар мындан ары дагы жакшырып, материалдык-техникалык база чыңдала берерин баса белгиледи.
Жаңыланган имарат – студенттер үчүн заманбап билим алууга, ыңгайлуу шарттарда окууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жалпы 9 имараты окуу корпусу катары пайдаланылат.
Бөлүшүү








Комментарийлер