К. Акиевдин 140 жылдыгы КМУда белгиленди

  • 28.11.2023
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын жана дастанчы Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган “Калык Акиевдин чыгармаларынын заманбаптуулугу: билим берүү жана маданият” аталышында илимий-практикалык конференция өттү.

К. Акиевдин 140 жылдыгы КМУда белгиленди

Конференцияга келген меймандар алгач залкар таланттын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган китеп көргөзмөсүнө күбө болушту. Көргөзмөдө акындын китептеринен тышкары ал тууралуу жазылган эмгектер, илимий макалалар коюлду.

Университеттин ректору Айгүл Абдраева кара жаак акындын ырлары бүгүнкү күнгө чейин өз актуалдуулугу экендигин баса белгилеп, зор тарбиялык мааниге ээ экенин айтты. Ректордун айтымында, келечекте кыргыз-тили жана кыргыз адабияттан сабак берген ардактуу кесип ээлери үчүн акындын китептери университеттин китепканасында сакталуу. Улуу инсандын келини Магрифа Рахимова дал ушул окуу жайда эмгектенип, акындын 3 томдук китебин жарыкка чыгарып, Калык Акиевди даңктап, даңазалоого чоң салым кошкон.

К. Акиевдин 140 жылдыгы КМУда белгиленди

Ал эми Президенттик администрациянын өкүлү, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаевдин айтымында, төкмө акын десе эле өнөр адамдары деп элестетпөө керек.

  • Калык Акиевдин агартуу тармагында ролу өтө чоң. Биз төкмө акын десе эле өнөр адамдары деп элестетебиз. Бирок бул акын өзүнүн жүрүм- туруму, ыр жыйнактары менен коомго эбегейсиз зор таалим-тарбия бере алган. Азыркы учурдун адамдары акындын ырларын окуп, түшүнө билсе эле жан-дүйнөсүн азыктандыра алышат, — деди Капалбаев.

Конференциянын андан аркы жүрүшүндө секциялык иштер Калык Акиевдин адабиятта жана билим берүүдөгү бейнесин толук кандуу ачты. Илимий иш-чарада акындын чыгармаларын көп тираж менен басып чыгаруу, анын чыгармачылыгы боюнча илимий иштерди жүргүзүү, ыр, дастандарын жандуу аткаруу жаатында долбоорлорду жүргүзүү сыяктуу маселелерди камтыган резолюция кабыл алынды.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер